Кардиохирургия институтундагы өрттө жабыркаган эки баланын абалы оор
Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда чыккан өрттө жабыркаган эки баланын абалы дагы эле оор. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 17-февралда билдиргендей, алар реанимация бөлүмүндө жатат. Өрттөн улам башка ооруканага которулгандардын ичинен 25 бейтап дарыланууну улантууда, калгандары абалы канааттандырарлык деп табылып, үйүнө жиберилген. 11-февралдын кечинде институтта өрт чыгып, 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм каза тапкан. Бишкектин Биринчи май райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.
Өзгөндө окуучулардын мушташы боюнча кылмыш иши козголду
Ош облустук милициясы Өзгөн районунда окуучулар мушташып, бирөө жараат алып ооруканага түшкөнүн билдирди. Милицияга 17 жаштагы К.Э. аттуу бала ооруканага түшкөнү боюнча 14-февралда кабар келген. “Күбөлөрдүн маалыматына ылайык, №34 мектептин 11-классынын окуучулары өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, натыйжада К.Э.ни ур-токмокко алышып, денесине жаракат келтиришкен”, - деп жазылган маалыматта. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-берене ("Бейбаштык") менен кылмыш иши козголуп тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар акыркы убакта арбын катталды.
Улуттук илимдер академиясына киреше табууга уруксат берүү сунушталды
Өкмөт Улуттук илимдер академиясына каржылык эркиндик берүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгып, парламентке сунуштады. Бул долбоор 17-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында каралды. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева баяндама жасап, академиянын киреше булагынын тизмесин кеңейтүү сунушталып жатканын маалымдады. “Мамлекеттик ички жана эл аралык изилдөө долбоорлоруна катышуу, имараттарын ижарага берүү аркылуу киреше табуу эркиндиктери берилди”, - деди Кендирбаева. Мындан тышкары академиянын президенти буга чейин шайлоо жолу менен тандалып келсе, эми аны президент тарабынан дайындоо сунушу берилүүдө. Ал эми академиянын вице-президенттерин Министрлер кабинетинин төрагасы дайындайт.
УКМК Ошто адам уурдоого шектүүлөр кармалганын билдирди
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарында адам уурдап, ири суммадагы акча талап кылууга шектүүлөр кармалганын билдирди. 16-январда Оштогу Ак-Тилек кичи районундагы шаардык оорукананын жанынан Daewoo Tico унаасы менен үч киши К.Д.У. аттуу жаранды күч менен унаага салып, белгисиз жакка алып кетишкен. “Алар аталган жаранды Өзгөн районун көздөй алып кетишип, эки сутка бою кармашкан. Кармоо мезгилинде кылмышкерлер уурдалган жаранды мобилдик капчыкка 190 миң сом өлчөмүндөгү акча которууга мажбурлашкан”, - деп жазылган маалыматта. Бул факты боюнча Ош шаардык милициясы кылмыш ишин козгоп, шектүүлөр кармалган жана алардын бири милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Орозонун качан башталышы белгилүү болду
Быйыл Кыргызстанда Орозо айы 1-мартта башталарын Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди. 28-февралда өлкө аймагындагы бардык мечиттерде таравих намазы окулат. Рамазанда мусулмандар бир ай орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат.
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Эр-Риядда жолугат, Киев ал сүйлөшүүгө катышпайт.
Кремлдин маалыматына ылайык, сүйлөшүүгө Лавровдон тышкары орус президенттин жардамчысы Юрий Ушаков катышат. Алар дагы 17-декабрда Эр-Риядга барары кабарланды. Associated Press жана Axios агенттиктери АКШ тараптан сүйлөшүүгө улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майкл Уолтц жана атайын өкүл Стив Виткофф да катышарын жазышты. Азырынча Украинанын өкүлдөрү сүйлөшүүгө чакырылабы же жокпу, белгисиз. NBC News'тун маалыматына ылайык, Вашингтон алгач Орусия менен өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү пландаштырууда. Украинанын делегациясы Сауд Арабиясында өтө турган АКШ-Орусия сүйлөшүүлөрүнө катышпайт. Бул тууралуу украин президент Владимир Зеленский Абу-Дабиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
АКШда Азия өлкөлөрүнөн барган 100дөн ашуун мигрант Панамага депортацияланды
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Азия өлкөлөрүнөн барган 100дөн ашык мигрантты Панамага депортациялаганын New York Times жана Reuters жазды. Маалыматта 12-февралдын кечинде Калифорниядан чыккан Кошмо Штаттардын аскердик-аба күчтөрүнүн учагында 119 киши болгону, алардын арасында Өзбекстан, Ооганстан, Кытай, Индия, Иран, Пакистан жана Түркиядан барган үй-бүлөлөр бар экени айтылган. Панаманын президенти Хосе Раул Мулино мигранттардын өлкөгө барганын ырастап, алар убактылуу жатаканаларга жайгаштырылганын айтты. Мигранттар кийинчерээк Колумбия менен чектеш Дариен провинциясындагы баш калкалоочу жайга жеткирилген. Андан ары алар АКШ каржылаган аба каттамдары менен өз өлкөлөрүнө кайтарылат.
Австриядагы кол салууга шектүүнүн террордук топко тиешеси бар экени аныкталды
Австриянын Филлах шаарында көчөдө бараткан адамдарга бычак менен кол салган шектүүнүн "Ислам мамлекети" террордук уюмуна тиешеси бар экени аныкталды. Австриянын ички иштер министри Герхард Карнер бул окуяны "интернет аркылуу тез радикалдашкан адамдын чабуулу" деп атады. Шектүүнүн батирин тинтүү учурунда аталган экстремисттик уюмдун желеги жана диний радикалдык идеяларга тиешелүү далилдер табылган. Соңку маалыматтарга караганда, кылмышкерге жардамдашкандар болгон эмес. 15-февралда Филлах шаарында 23 жаштагы сириялык жаран көчөдө бараткан адамдарга бычак менен кол салганда, 14 жаштагы өспүрүм каза тапкан. Жараат алган беш адамдын айрымдарынын абалы оор. Шектүү Австрияда мыйзамдуу жашаганы, мурда соттолбогону жана башкалка сурагандардын катарында экени маалым болду. Австрияда учурда 100 миңге жакын сириялык качкын жашайт.
Шерине