Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги мамлекеттик гимндин тексти жана музыкасы үчүн жарыяланган сынактын алкагында 16 долбоор кабыл алынганын билдирди. Бул тууралуу министрдин орун басары Тимурлан Ажымалиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 17-февралдагы жыйынында билдирди.
“Ал эми электрондук дарекке 234 жарандан 401 кайрылуу жана сунуштар келип түшүп, алар боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө”, - деди Ажымалиев.
7-февралда гимнди өзгөртүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын биринчи отуруму өтүп, анда гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы вариантына сынак жарыяланары маалым болгон. Гимндин тексти менен музыкасын иштеп чыгуу июнь айына чейин созулуп, соңунда комиссия Жогорку Кеңешке үч вариантты сунуштай турган болгон.
Сынактын жеңүүчүсүнө 1 млн 500 миң сом берилет. Экинчи орунга 1 млн, үчүнчү орунга 500 миң жана төртүнчү, бешинчи орунга 250 миң сомдон каражат тапшырылат.
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан.
Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган.
Гимндин алгачкы варианты үч куплет, бир кайырмадан турат. Бирок 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү бир топ талаш-тартыш менен коштолгон.
Шерине