Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Стармер: Тынчтык келишимин камсыздоо үчүн Украинага аскер жөнөтүүгө даярбыз


Британиянын премьер-министри Кир Стармер жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. Британия. 18-июль, 2024-жыл.
Британиянын премьер-министри Кир Стармер жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. Британия. 18-июль, 2024-жыл.

Британиянын премьер-министри Кир Стармер эгер согушту токтоткон тынчтык келишими түзүлсө, аны камсыздоо үчүн британ аскерлерин Украинага жөнөтүүгө даяр экенин билдирди.

Анын эсебинде, мындай чечим аскерлерди коркунучка кептегени менен, Британиянын жана Европанын коопсуздугун камсыздоого жардам берет.

Daily Telegraph гезитинде 16-февралда жарыяланган макалада Стармерге бул чечимди кабыл алуу оңой болбогону белгиленет.

Бул Стармердин Украинага тынчтык күчтөрүн жөнөтүү боюнча ачык жасаган биринчи билдирүүсү. Анын бул сөзү Парижде өтө турган жолугушууну утурлай 17-февралда айтылды. Анда Европа лидерлери Вашингтон Орусия менен Европанын коопсуздугуна каршы келишим түзүшү мүмкүн деген тынчсыздануулар күчөп жаткан маалда, Украинадагы согушту талкуулашат.

"Украинанын коопсуздугун камсыздоого жардам берүү – биздин континенттин жана өлкөбүздүн коопсуздугун камсыздоо. Бул согуштун бүткөнү убактылуу тыныгуу болуп калбашы керек, анткени [Орусиянын президенти Владимир] Путин кайрадан чабуул жасашы мүмкүн", - деди Стармер.

The Telegraph басылмасынын маалыматына ылайык, Британия жана Франция Украинадагы тынчтык келишимин камсыз кылуу үчүн тынчтык күчтөрүн жөнөтүү маселесин талкуулашкан, бирок бул демилгени Евробиримдиктин бардык өлкөлөрү колдогон эмес.

Басылма ошондой эле Стармер бул маселени АКШнын Мүнхен коопсуздук конференциясындагы билдирүүлөрү менен байланыштуу көтөргөнүн жазды. Анда Вашингтондун өкүлдөрү Европа өз коопсуздугу үчүн көбүрөөк жоопкерчилик алышы керек экенин белгилешкен.

Шерине

XS
SM
MD
LG