Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

УКМК Ошто адам уурдоого шектүүлөр кармалганын билдирди


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаарында адам уурдап, ири суммадагы акча талап кылууга шектүүлөр кармалганын билдирди.

16-январда Оштогу Ак-Тилек кичи районундагы шаардык оорукананын жанынан Daewoo Tico унаасы менен белгисиз адамдар К.Д.У. аттуу жаранды күч менен унаага салып, белгисиз жакка алып кетишкен.

“Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш чараларынын натыйжасында К.Д.У. аттуу жаранды уурдап кеткендер 1990-жылы туулган К.у.Т., 1991-жылы туулган К.у.К. жана 1991-жылы туулган И.Н.И. экендиги аныкталды. Алар аталган жаранды Өзгөн районун көздөй алып кетишип, эки сутка бою кармашкан. Кармоо мезгилинде кылмышкерлер уурдалган жаранды мобилдик капчыкка 190 миң сом өлчөмүндөгү акча которууга мажбурлашкан”, - деп жазылган маалыматта.

Бул факты боюнча Ош шаардык милициясы кылмыш ишин козгоп, шектүүлөр кармалган жана алардын бири милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Шерине

XS
SM
MD
LG