Европа өлкөлөрүнүн жогорку даражалуу аткаминерлери келерки аптада Парижде чогулуп, Украинадагы тынчтык келишимин талкуулайт. Бул тууралуу Би-Би-Си радиосу жазды. Маалыматка караганда, жолугушууга катыша турганын Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Британиянын премьер-министри Кир Стармер тастыкташкан.
Ага Польшанын премьер-министри Дональд Туск да катышары күтүлүүдө. Жолугушууга дагы кимдер чакырылганы жана анын форматы кандай болору белгисиз. Бирок ал Евробиримдиктин расмий саммити катары өтпөй турганы кабарланды.
Британ премьер-министри Европа өлкөлөрү НАТОдогу ролун күчөтүшү керектигин белгиледи.
Жекшемби күнү Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Мүнхенде коопсуздук боюнча конференциянын алкагында чогулуп, мындан аркы стратегияны талкуулай турганы да кошумчаланды.
Айрым серепчилер шашылыш жыйынды АКШнын Европа өлкөлөрүнө багытталган билдирүүлөрүнө реакция катары сыпаттап жатышат.
АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын коопсуздугунун негизги кепили Евробиримдиктин өлкөлөрү болушу керектигин бир нече жолу белгилеген. Трамптын атайын чабарманы Кит Келлог ишембиде Евробиримдиктин өкүлдөрү Украинада ок атышууну токтотуу боюнча сунушталган сүйлөшүүлөргө киргизилиши күмөн экенин билдирген.
Анын пикиринде, жолугушуу Украина, Орусия жана АКШнын катышуусунда өтүшү керек. Ал эми АКШнын вице-президенти АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Мүнхенде сүйлөгөн сөзүндө Европа өлкөлөрүн сынга алып, анын демократиянын принциптери бузулуп жатканына тынчсыздануусун билдирди.
Вэнс - Ак үйдүн Мүнхендеги конференцияга катышып жаткан эң жогорку өкүлү.
Мүнхен коопсуздук конференциясы - бул шаарда 1963-жылдын февраль айынан бери жыл сайын уюштурулуп келе жаткан эл аралык форум. Анда дипломаттар, саясатчылар жана аскер башчылары тынчтыкты сактоо маселелерин талкуулашат. (AiA)
Шерине