Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:22

Абхазияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт


Шайлоо участогу.
Шайлоо участогу.

Грузиянын курамындагы Москва колдогон жикчил Абхазияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Дмитрий Маршан билдирди.

Маалыматка караганда, 15-февралда өткөн шайлоонун биринчи айлампасында добуштарды алдын ала эсептөөдө бир дагы талапкер жеңишке жетүү үчүн добуштардын 50% ала алган эмес.

Экинчи тур эки аптадан кийин өтөрү күтүлүүдө. Бул айлампага Грузиянын Москва колдогон жикчил аймагынын президентинин милдетин аткаруучу Бадра Гунба жана мурдагы вице-премьер-министр, Абхаз элдик кыймылы уюмунун лидери Адгур Ардзинба чыгышты.

"Азаттыктын" грузин кызматы биринчи турда Бадра Гунба 46%, Адгур Ардзинба 37% алганын жазды. Шайлоодо жалпысынан беш талапкер ат салышкан.

Эки талапкер тең орусиячыл позициясын билдирип келишкен. Шайлоо Орусияга артыкчылык бере турган инвестициялык келишимден баш тартууну талап кылган акциялар мурдагы президент Аслан Бжания кызматтан кеткенден кийин өтүп жатат.

Оппозициянын акциялары былтыр 12-ноябрда, бир нече өкүлү кармалганда башталган. 15-ноябрда алар жергиликтүү парламент алдына чогулуп, өкмөттүк бир нече имаратты курчоого алышкан, анда жүздөгөн кишилер топтолгон.

Орусияга артыкчылык бере турган инвестициялык келишимден баш тартууну талап кылган митингчилер парламенттин тосмосунун бир бөлүгүн машина менен сүрдүрүп, короосуна кирип барышкан.

Полиция менен тиреш учурунда демонстранттарга каршы кулак тундуруучу каражаттар колдонулган. Айрымдар парламенттин жанында ок атылганын укканын кабарлап, кимдир бирөө жабыркаганы тууралуу маалымат болгон жок.

Москва менен инвестициялык долбоор боюнча мыйзам кабыл алына турган сессия үзгүлтүккө учураган. Абхазия бийлиги келишим республиканын экономикасына жакшы салым болорун айтууда. Оппозиция "республиканын кызыкчылыгы сатылып жатат" деп каршылыгын билдирүүдө.

Абхазия жана Грузиянын дагы бир жикчил аймагы Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын дүйнөлүк коомчулук тааныбайт. Өз алдынча өлкө катары Абхазия менен Түндүк Осетияны алгач 2008-жылы Орусия кабыл алган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG