Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:39

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Навальныйдын элеси эскерилет


16-февралда орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйдын тарапкерлери дүйнөнүн ондогон өлкөлөрдө эскерүү иш-чараларын өткөргөнү жатышат.

"Медуза" басылмасы эскерүү Финляндия. АКШ баштаган өлкөлөрдө өтөрүн жазды.

"Свобода" радиосу активисттер түзгөн тизмеде дагы көптөгөн өлкөлөр - Аргентинадан Австралияга чейин бар экенин жазды.

Орусиянын өзүндө Навальныйды эскерүү иш-чаралары алдын ала маалымдалган жок. Маркум саясатчы "террорчулар менен экстремисттердин" тизмесине киргизилгендиктен, анын өлүмүнөн кийин да Навальныйдын атын жана сүрөттөрүн жарыялоо орусиялык бийлик тарабынан экстремизмге үгүттөө деп табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартылуу коркунучу бар. "Вёрстка" басылмасы Навальныйдын атын атаганы үчүн эле Орусияда 500дөн ашуун адам куугунтукка алынганын белгиледи. Маалыматка ылайык, аларга акчалай айып салынып же камалышкан.

Орусиялык оппозиционер саясатчы Алексей Навальный Ямало-Ненец автоном аймагындагы шарты катаал түрмөдө туура бир жыл мурун 47 жашында каза тапкан. Анын сөөгү Москвадагы Борисов көрүстөнүндө жерге берилген. Аны менен коштошууга миңдеген киши барган.

Шерине

XS
SM
MD
LG