Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:37

Бишкекте ооганчы жоокерлер эскерилди


Ооганчы жоокерлерди эскерүү. Бишкек. 15-февраль, 2025-жыл.
Ооганчы жоокерлерди эскерүү. Бишкек. 15-февраль, 2025-жыл.

15-февраль күнү советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылган кунүнө арналган митинг-реквием болуп өттү. Иш-чара Ата түрк паркында Ооганчы-интернационал жоокерлерге тургузулган эстеликтин алдында болду.

Мэриянын маалыматына караганда, эскерүү митингине Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, Ооганстанда кызмат өтөгөн ардагерлер, аскер кызматкерлери, ооганчы жоокерлердин жакындары катышты. Алар Ооганстандан кайтпай калган кыргызстандык жоокерлердин эстелигине гүлчамбарларды коюп, бир мүнөттүк тыныгуу менен эскеришти. Ошондой эле асманга залп атылды.

1979-89-жылдары Ооганстанда "интернационалдык кызмат өтөөгө" 7 миң 141 кыргызстандык жоокер чакырылган. Анын ичинен 249 жоокер ооган жергесинде курман болуп, 504ү жараат алган. Төртөө бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз. Согуштун кесепетинен нерв жана жүрөк ооруларына чалдыккан миңге чукул ооганчы кайтыш болгон. Расмий маалыматтар боюнча, учурда алты миңге жетпеген ооганчы ардагер бар.

1989-жылы 15-февралда Советтик аскерлер Ооганстандан толук чыгарылган. Ошондон бери бул күн Ооганстанда аскердик милдетин өтөп жатып курман болгон аскерлерди эскерүү күнүнө айланган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG