Москва шаарында таксист болуп иштеген кыргызстандык 27 жаштагы жаран травматикалык тапанчадан атылган октон жаракат алганын маалымат булактары, Телеграм-каналдар жазып чыкты. Readovka Телеграм каналынын маалыматына караганда, кыргызстандык жаран "КИА" үлгүсүндөгү унааны башкарып баратканда "Geely" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу мене жол талашып, чырдаша кетишкен.
"Натыйжада "Geely" унаасынын айдоочусу травматикалык тапанчасы менен таксистти атып жиберген, ок жеген айдоочу башкарууну жоготуп, унааны сүзүп алганда, экинчи айдоочу дагы бир нече ирет аны көздөй атып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен", - деп жазды Readovka.
Таксист "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген.
Москванын ички иштер башкармалыгы ок чыгарган айдоочу кармалганын маалымдады:
"Басман райондук Кайгуул-күзөт кызматкерлери тарабынан ок атуу менен коштолгон жаңжалдын 39 жаштагы катышуучусу кармалды", - деп билдирген мекеме тапанчанын ээсинде аны алып жүрүүгө уруксаты бардыгын, бул факт боюнча текшерүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Москвада кыргызстандык таксист жаракат алганы тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы өкүлчүлүгү азырынча маалымат бере элек.
Кыргызстандан барган мигранттардын арасында такси кызматында иштегендер арбын.
Тышкы иштер министрлигинин 2025-жылдын 1-январына карата берген маалыматына ылайык, Орусияда Кыргызстандын 334 миңдей жараны жашап, иштеп жатат. (ZKo)
Шерине