Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:41

АКШ ЕБден Украинанын коопсуздугуна кепилдик сурады


НАТОнун машыгуусу. Иллюстрациялык сүрөт.
НАТОнун машыгуусу. Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ Европа өлкөлөрүнө Орусия менен согуш аяктагандан кийин Украинанын коопсуздугуна кандай кепилдик бере аларын сураган документ жиберди. Бул тууралуу Еврошаркеттеги булактарына шилтеме кылып Reuters жазды.

Финляндиянын президенти Александр Стубб агенттикке АКШ Евробримдик өлкөлөрүнө Украинага кепилдик жана салымын сураган "анкета" жибергенин ырастады. Стуббдун сөзүнө караганда, европалыктар эми бул "анкетага" кандай жооп берүүнү чечиши керек. Ар бир мамлекет өзүнчө береби же биримдиктин атынан жалпыланган жооп болобу, ал маселе чечилиши кажет.

Reuters шилтеме кылган булактардын бири АКШ бийлиги Евробиримдик өлкөлөрүнө алты суроо бергенин айтып, бирок суроолордун мазмунун ачыктаган эмес.

"Анткета" тууралуу Вашингтон расмий маалымдаган жок. АКШ бийлиги жана президент Дональд Трамп өзү бир нече ирет Евробиримдик өлкөлөрү тынчтык келишимине жетишилгенден кийинки Украинанын коопсуздугу үчүн кепилдик бериши керектигин эскертишкен. Киев болсо мындай кепилдикти дүйнөдөгү аскердик күчтүү держава - АКШ да бериши керектигин айтууда.

Financial Times басылмасы мурдараак АКШ Европадагы союздаштарынан Украинанын коопсуздугу үчүн тынчтык куруучу аскерлерин, курал-жарак жана башка кепилдик сурап жатканын билдирген.

Associated Press агенттиги өз булагына таянып, Украинага аскер жиберүү планы согушка салуу үчүн эмес, тынчтыктын кепилдиги катары болушу ыктымалдыгын жазды. Агенттиктин маалымдашынча, муну айрым Европа өлкөлөрү бир жыл мурда эле карап көрүшкөн. АКШ президенти Дональд Трамп Орусия менен келишимге Евробиримдиксиз барат деген кооптонуулардан улам, талкуулар жанданганын белгилеген.

Associated Press талкууга Улуу Британия жана Франция жандуу катышып жатканын билдирди. Ал эми аскердин саны Орусия менен Украинанын тынчтык келишиминин шарттарына жараша болмокчу.

Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский ишембиде Мүнхенде сүйлөп жатып, АКШнын сунушу менен Киевге берилүүчү кепилдик алкагында европалык аскерлер Украинага жиберилиши ыктымалдыгын жокко чыгарган жок. Украинанын президенти Владимир Зеленский коопсуздугуна кепилдик натыйжалуу болушу үчүн кеминде 100 миң аскер зарылдыгын билдирген.

Коопсуздук кепилдигин Украина бийлиги тынчтык келишиминин башкы шарттарынын бири катары коюп келет. Киев мындай кепилдиксиз Москва кийинчерээк агрессиясын жандантышы ыктымал деп эсептейт. Украин президенти кепилдиктин эң мыкты варианты катары өлкө НАТОнун курамына киришин эсептейт. АКШ бийлиги бул жакынкы аралыкта мүмкүн эместигин билдиришүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG