Европа Кеңешинин төрагасы Антониу Кошта жана Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Евробиримдик – Борбор Азия биринчи саммитине катышуу үчүн 3-4-апрелде Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Евробиримдиктин Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматында саммит Европа Биримдиги үчүн Борбор Азиядагы мамлекеттер менен эки тараптуу жана аймактагы жалпы кызматташтыкты тереңдетүүгө маанилүү мүмкүнчүлүк экени белгиленди.
“Геосаясий кырдаал өзгөрүп жаткан азыркы шартта, айрыкча, Орусиянын Украинага каршы согушуна жана Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын ортосундагы мамиле стратегиялык жактан дагы маанилүү болуп баратат”, – деп айтылат билдирүүдө.
Саммитке Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Түркмөнстан лидерлери катышат. 2024-жылга пландалган конференция Евробиримдиктеги шайлоолордон улам быйылкыга калган.
2022-жылы 27-октябрда Казакстандын борбору Астанада “Борбор Азия – Европа Биримдиги” форматында лидерлердин жолугушуусу өткөн. Анда бул иш-чара мындай форматтагы алгачкы саммит экени айтылган.
2023-жылы 2-июнда “Борбор Азия – Европа Биримдиги” саммити Кыргызстанда өткөн. Чолпон-Ата шаарында уюштурулган жолугушууга Европа Кеңешинин ошол кездеги төрагасы Шарль Мишель келип катышкан.
2024-жылы 25-июнда “Европа Биримдиги менен Кыргыз Республикасы ортосундагы кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө” келишимге кол коюлган. Бул документ 1999-жылкы Бишкек-Брюссел ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу келишимди алмаштырат.
Шерине