Бишкектеги №72 орто мектептин 8-классынын окуучусунун өлүмүнө шек саналып аталган мектептин 9-классынын окуучусу Т.И. шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") жана 208-беренеси ("Опузалап талап кылуу") беренелери менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды.
Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматы 15-февралда кабарлады.
Милиция шектүү баңгизат колдонгону тууралуу маалымат тастыкталбаганын маалымдап, тиешелүү экспертизалардын жыйынтыгында баңгизат изи аныкталбаганын кошумчалады.
"Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү Т. И. 8-класстын окуучуларынан акча талап кылгандыгы, натыйжада 8-класстын окуучусу А.Анын денесине залал келтирип, ал эсин жоготуп, ооруканага жаткырылып, каза болгону аныкталды" деп жазылган милициянын маалыматында. Тергөө уланууда.
Бишкектеги №72 мектепте 8-класста окуган уулу 21-январда мектептин дааратканасында сабалып, өзүн жоготконун, ооруканада 15 күн жатып каза болгонун айткан ата-эне 10-февраль күнү Ленин райондук ички иштер башкармалыгына (РИИБ) кайрылган. Алар уулунун өлүмүнө ошол эле мектепте 9-класста окуган окуучу Т.Ини айыптаган пикирин "Азаттыкка" да айтып беришкен.
Шектүү өспүрүмдүн жакындары же адвокаттары азырынча эч кандай комментарий берише элек.
Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн чатакташуусунан, мектептеги чоңсунуудан улам балдардын өлүмү менен коштолгон окуялар акыркы убакта арбын катталды.
13-февралга караган түнү Жумгал районундагы Баш-Кууганды орто мектебинин 10-классынын эки окуучусу чатакташып, бири денесинен жаракат алып, ооруканага түшкөнүн 15-февралда Нарын облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) маалымдады.
12-февралда Кара-Суу районундагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектептин 9 жана 11-классынын окуучулары чатакташып, 9-класста окуган өспүрүм каза тапты.
8-февралда Баткен шаарында 2008-жылы туулган эки өспүрүм чырдашып, бири теңтушунун сол көкүрөгүнө ашкана бычагы менен сайып жибергенин, ал ооруканада экенин облустук милиция билдирди.
22-январда Чүй облусунун Кант шаарында окуучулар мушташып, бири алган жараатынан өзүнө келбей, 25-январда ооруканада каза болду.
21-январда Бишкектеги №72 мектептин дааратканасында сабалганы айтылган 8-класстын окуучусу 4-февралда ооруканада көз жумду.
Билим берүү министрлиги бул окуялар боюнча мугалимдер, жетекчилер жоопкерчиликке тартылганын билдирүүдө.
Кырдаалдан улам 14-февраль күнү жолугушуу өткөргөн ички иштер министри Улан Ниязбеков менен билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлордун штатын көбөйтүү жана мектептерде Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кабинеттерин түзүү чечимине келишти.
ИИМдин маалыматына ылайык, өткөн жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Алардын жакындары балдары мектептеги чоңсунуудан улам суицидге барганын айткан, милиция мындай версияны четке каккан.(ZKo)
Шерине