Эки судьяны жоопко тартууга уруксат берилди
Судьялар кеңеши 13-февралда Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясын (А.М.А.) кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Пара алуу” беренелери менен айып коюлууда. Соттор кеңеши ушул эле күнү башкы прокурордун Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясын (Ж.Н.Б.) да жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү өтүнүчүн карап, канааттандырды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Кызматтык жасалмачылык” беренелери менен кине тагылды. Экөөнү тең кызматтан убактылуу четтетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго сунуш киргизилди. Расмий маалымат боюнча, 2023-2024-жылдары сегиз судья кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Социал-демократтар партиясынын дагы бир мүчөсү кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Социал-демократтар партиясынын дагы бир мүчөсү Фархад Баабиевди кармады. Бул тууралуу партиянын юристи Айбек Турдуев маалымдап, ал 13-февралда кармалганын билдирди. Анын сөзүнө караганда, Фархад Баабиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” беренеси менен айып тагылды. Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Фархад Баабиев кармалганын УКМКнын маалымат борбору да журналисттерге ырастады, бирок толук маалымат бере элек. Бишкек шаардык кеңешине өткөн шайлоого байланыштуу партиянын Темирлан Султанбеков, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкина жана Роза Түрксевер тергөө абагында жатат.
Сот Фейсбук колдонуучусу Маратбек уулун актады
14-февралда Кант шаардык соту Мирланбек Маратбек уулун Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (“Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу”) менен күнөөсүз деп таап, толук актады. 2024-жылы 15-августта Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындаган постторду жазган Мирланбек Маратбек уулунун Чүй облусундагы үйүн тинтүүгө алган. Облустук милициянын басма сөз кызматы анын Чүй облусундагы үйүн тинтүү Каракол шаардык сотунун токтомунун жана козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында болгонун, Мирланбек Маратбек уулунун бийликке айткан сын-пикирине тиешеси жок экенин билдирген.
“Унаанын” мурдагы директорунун иши сотко өттү
Министрлер кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (“Унаа” мамлекеттик мекемесинин) мурдагы директору Рустам Жокоевдин иши Бишкектин Октябрь райондук сотунда каралууда. Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, кийинки соттук отурум 20-февралга дайындалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Рустам Жокоев менен бир нече кызматкерди 2024-жылы 26-сентябрда камакка алганы белгилүү болгон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (“Пара алуу”) менен айып тагылган.
Украина согушта курман болгон 757 жоокеринин сөөгүн кайтарып алды
Украинанын согуш туткундары боюнча иштеген координациялык штабы жүздөгөн каза болгон жоокерлердин сөөгү мекенине жеткирилгенин 14-февралда билдирди. Штабдын маалыматы боюнча, жалпысынан 757 сөөк кайтарылды, алар Курахово, Покровск, Бахмут, Угледар, Луганск жана Запорожье багыттарында салгылашып каза болгон жоокерлер. "Азаттык" радиосунун украин кызматы 2024-жылы февраль айында Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин айтканына таянып, Орусия жапырт басып кире баштагандан бери 31 миң украин аскери курман болгонун жазды.
ХАМАС (АКШ жана Евробиримдик террордук деп табылган) радикал тобу барымтадан дагы үч адамды бошоторун жарыялады
Маалыматка караганда, ишемби күнү бошотула тургандар Александр Труфанов, Яир Хорн жана Саги Декел-Хен. Алар Израилден тышкары АКШнын да жараны. Баары Газа тилкеси менен чек арага жакын жердеги Нир-Оз шаарынан барымтага алынган. Бошотула тургандардын тизмеси Израилдин бийлигине тапшырылды. Буга жооп катары Израил түрмөлөрдөгү айрым палестин туткундарын бошотууга тийиш. Алардын саны тууралуу расмий маалымат жок. Жалпысынан согушту токтотуу боюнча макулдашуунун биринчи баскычында хамасчылар 33 кишини бошотушу керек. Ушул убакытка чейин 21 киши кое берилди. Алардын 16сы Израилдин, бешөө Тайланддын жарандары. Ар кандай маалыматтар боюнча, туткунда дагы 73 киши бар. Алардын отуз чактысы каза тапкан болушу мүмкүн.
Германияда "топ элди машина менен сүзгөн" деген шек менен ооган жараны кармалды
Немис басылмалары ал буга чейин Германиянын өкмөтүнөн башпаанек сураган 24 жаштагы Фархад Н. атуу жаран экенин жазышты. «Шектүү 14-февралда тергөө судьясына келет. Соттук-медициналык топ жана адистерибиз менен дагы эле кылмыш болгон жердебиз», - деп билдирди Мүнхен полициясы. Бавариянын ички иштер министри Йоахим Херманн шектүүнүн башпаанек берүү өтүнүчү четке кагылганын, бирок ал Ооганстандагы коопсуздук маселесинен улам өлкөдөн чыгарылбаганын билдирди. Германиянын статистикалык агенттигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын аягына карата бул өлкөдө жашаган ооган жарандарынын саны болжол менен 377 миңди түзгөн. Окуя 13-февралда болуп, 28 адам жаракат алганы кабарланган. Ал маалда жергиликтүү тургундардын демонстрациясы өтүп жаткан. Жабыркагандардын көбү ошол иш-чаранын катышуучулары болгон.
Amnesty International казак бийлигин Qaznews24 сатиралык баракчасынын автору Темирлан Еңсебекке тагылган айыптарды алууга чакырды
Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму Темирлан Еңсебек кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатышын “саясий жүйө” деп атап, бул иш өлкөдөгү “жарандык коомго кеңири кысым көрсөтүүнү” чагылдырарын билдирди. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы жазды. Уюмдун Борбор Азия боюнча директору Мэри Струтерстин казак бийлигин Еңсебекти камактан бошотууга жана ага коюлган айыптарды алып салууга чакырган билдирүүсү 14-февралга белгиленген сот отурумунун алдында жарыяланды. 14-февралда Алматынын Алмалы райондук сотунда Темирлан Еңсебекке каршы козголгон кылмыш иши боюнча боло турган башкы соттук отурум башка күнгө калганы белгилүү болду. Темирлан Еңсебек – Oyan, Qazaqstan жарандык кыймылынын активисти. Ал өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.
Шерине