Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:37

Трамп Кытай менен Орусияга аскердик чыгымды, өзөктүк арсеналды кыскартууну сунуштаарын айтты


АКШнын президенти Дональд Трамп.
АКШнын президенти Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинадагы жана Газа тилкесиндеги согуштар басаңдагандан кийин Кытай жана Орусия менен аскердик чыгымдарды кыскартуу маселесин талкуулоо ниети бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал 13-февралда Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтканын Associated Press жазды.

"Биз бардыгын чечкенден кийин Кытайдын төрагасы Си жана Орусиянын президенти Путин менен жолугушуу өткөрүүнү каалайм. Анда аскердик бюджетибизди эки эсе кыскарталы деп айтам", - деди Трамп.

Трамп ошондой эле Кытай жана Орусия менен өзөктүк арсеналды кыскартуу боюнча сүйлөшүүлөрдү кайра баштоону кааларын билдирди. Бул тууралуу ал бейшембиде Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен Ак үйдө өткөн жолугушуу учурунда айтты.

"Жаңы өзөктүк курал жасоого бизде эч кандай негиз жок", – деген Трамп азыркы запастар ансыз да "дүйнөнү 50 да, 100 да жолу тыптыйпыл кылууга" жетерин, бирок АКШ да, Орусия жана Кытай да улам жаңы курал жасап жатканын айтты.

Трамп жана Путин 12-февралда телефондон сүйлөшкөн. АКШ президенти өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө орус лидери менен “узак жана өтө майнаптуу баарлашуу” болгонун жазган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков сүйлөшүү дээрлик 1,5 саатка созулганын, Путин Трампты Москвага чакырганын билдирген.

Көп өтпөй Украинанын президенти Владимир Зеленский Дональд Трамп менен телефондон “дипломатиялык, аскердик, экономикалык” маселелерди талкуулаганын кабарлаган. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG