Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Молдованын бийлиги "Орус үйүн" жабат


Орусиянын Молдовадагы элчилиги.
Орусиянын Молдовадагы элчилиги.

Молдовада бийликтин чечими менен Орусиянын илим жана маданият борбору же "Орус үйү" жабылат. Бул тууралуу Молдованын Тышкы иштер министрлиги 13-февралда билдирди. Мекеме тараткан маалыматка караганда, бул кадамга орус армиясынын дрондорунун Молдованын аба мейкиндигин бузушу себеп болгон.

Молдованын Тышкы иштер министрлиги эки өлкө ортосунда 1998-жылы түзүлгөн маданий борборлорду түзүү жана алардын иш алып баруусу тууралуу өкмөттөр аралык келишимден бир тараптуу чыгып кетүү чечимин кабыл алды.

Буга чейин Молдованын президенти Майя Санду Орусиянын эки дрону Молдованын аймагына кирип барып, жарылганын билдирген. Жабыркагандар жок.

"Орусия чек араны сыйлабайт, жайкын тургундарга кол салат жана коркунуч жаратат. Украинага кылмыштуу согуш ачты. Биз сыяктуу тынч элди жайыбызга койгула", - деп жазды Санду X социалдык түйүнүнө.

Молдованын Тышкы иштер министрлигине орус элчиси Олег Озеров чакыртылган.

"Жолугушуу маалында Молдова тарап кабыл алынгыс кадамдарга байланыштуу чечкиндүү протест билдирди. Мындай окуялар Молдова Республикасынын жарандарына жана улуттук коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаратат", - деп жазылат министрликтин билдирүүсүндө. Мекемеге дрондун сыныктары көрсөтүлгөн. Москванын реакциясы кандай болгону белгисиз.

Ушул айдын башында Бакудагы "Орус үйү" жабылганы белгилүү болгон.

- "Россотрудничествонун" өкүлчүлүгү катары саналган "Орус үйү" маалымат-маданий борбору юридикалык тарап катары каттоодон өткөн эмес, - деп жазылат министрлик тараткан билдирүүдө.

Баку менен Москванын алакасы Актауда 2024-жылдын декабрь айында "Азербайжан аба жолдору" компаниясынын учагы кулап түшкөндөн кийин начарлаган. Азери президенти Илхам Алиев учак Орусиянын аймагында аткыланганын билдирген. Ал Орусияны бул үчүн толук жоопкерчиликти алууга чакырган.

Шерине

XS
SM
MD
LG