Президент Садыр Жапаров “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.
Мыйзам салык мыйзамдарын өркүндөтүү, салыктык администрациялоонун жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле ак ниет атаандаштык жана экономиканын көмүскө курамын кыскартуу үчүн шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.
Өзгөртүлгөн мыйзамда жеке ишкерлик кылбаган айрым жарандар бирдиктүү салык декларациясын тапшырбайт. Турак жайларды сатууда кошумча нарк салыгынан бошотулат. Курулуш тармагынын 2025-жылдын 1-июнуна чейин жөнөкөйлөтүлгөн салык системасына өтүшүн мүмкүнчүлүк берген жоболор камтылган, бул тармакта иштеген субъектилер үчүн бирдиктүү салык ченеми накталай төлөмдө 6%, накталай эмес түрүндө 4% деп белгиленген.
Ошондой эле акцизделүүчү товарларды колдонуунун тартибин көзөмөлдөөдө базар администрациясына 1 миллион сом айып салуу сунушу долбоордон алынган.
Майыптыгы бар адамдарды колдоо максатында импорттолгон атайын товарлар жана тетиктер киреше салыгынан бошотулат.
Мыйзам долбоорун 2024-жылы 26-декабрда Жогорку Кеңеш кабыл алган. Министрлер кабинети былтыр декабрдын башында салык мыйзамдарына жаңы өзгөртүүлөрдү сунуштап, Жогорку Кеңеш аны дээрлик талашсыз биринчи окууда кабыл алып берген. Көп өтпөй өкмөт башчы Акылбек Жапаров кызматтан алынып, документ экинчи окууга келгенде бир топ өзгөрүп, айрым талаптар жеңилдетилгени маалым болгон.(ZKo)
Шерине