Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Казакстанда камактагы активист Тимур Данебаев ачкачылык жарыялады


Жарандык активист Тимур Данебаев.
Жарандык активист Тимур Данебаев.

Казакстанда камактагы жарандык активист Тимур Данебаев, өзүнө жана башка соттолгондорго кыйноо көрсөтүүгө айыпталган түрмө кызматкерлеринин акталышына каршы ачкачылык жарыялады.

Анын 13-февралда жасаган видео кайрылуусу Qaharman укук коргоо фондунун баракчасында жарыяланды.

"Айыпталуучулардын акталганына таң калдык. Биз өкүм менен макул эмеспиз. Ачкачылык жарыялайбыз", – деди Данебаев видео кайрылуусунда.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин Жаза аткаруу комитети активист ачкачылык жарыялаганын ырастады.

"Учурда алар медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө. Видео кайрылуу боюнча кызматтык текшерүү дайындалды", – деп жазылат билдирүүдө.

Буга чейин Атбасар шаарындагы сот жарандык активист Данебаев жана башка соттолгондорго кыйноо көрсөтүү боюнча айыпталган 12 адамды актаган.

Данебаев уруп-сабалып жатканы тууралуу видео 2023-жылдын сентябрь айында социалдык тармактарга жайылып кеткен. Өз көрсөтмөлөрүндө Данебаев "аны эси-учун жоготкончо сабашканын" айтып берген. Активист ошондой эле түрмөнүн кызматкерлери аны даараткана тазалоого мажбурлаганын, ал баш тартканда башын дааратканага салып кыйнаганын кошумчалаган.

Данебаев менен кошо түрмө кызматкерлеринен 43 адам жабыркаганы аныкталган. Бул иш боюнча сот былтыр июль айында башталган.

Тимур Данебаев 2022-жылдын Январь окуяларынан кийин президент Касым-Жомарт Токаевди жоопкерчиликке тартууга аракет көргөндөрдүн бири. Ал Токаевдин "Алматыга 20 миң террорчу чабуул жасады" деген билдирүүсү боюнча кылмыш ишин козгоону талап кылган. Бирок анын арызы каралган эмес.

2022-жылдын ноябрында Данебаевдин өзүнө каршы иш козголуп, көп өтпөй камакка алынган.

2023-жылдын июнь айында Астана соту аны "кастыкты козуткан" деген айып менен үч жылга эркинен ажыраткан. Анын иши Полторанин аттуу жаран жазган арыздын негизинде ачылган. Данебаев социалдык тармактар аркылуу Орусиянын Украинага согуш ачышын жана 2022-жылдын январындагы ЖККУ аскерлеринин Казакстанга киргизилишин сындаганы үчүн айыпталган.

2023-жылдын сентябрында ал Астанадагы тергөө абагына которулган.

Казакстандык укук коргоочулар аны "саясий туткундар" тизмесине киргизишкен.

Расмий Астана өлкөдө саясий куугунтук жок деп билдирип келет. Европарламенттин Борбор Азия боюнча резолюциясында Тимур Данебаев саясий туткун катары көрсөтүлүп, аны бошотуу талабы коюлган.

Шерине

XS
SM
MD
LG