Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин администрация башчысынын мурдагы орун басары Комил Алламжонов беш ай мурда өзүнө жасалган кол салуу боюнча биринчи ирет үн катты. Ал бул тууралуу өз пикирин X cоциалдык түйүнүнө жазды.
"Ыраматылык чоң энем бата кылган сайын, “Кудай от, суу жана жалган жалаа менен сыноодон сактасын” деп айтчу эле. Соңку беш айда башымдан эмне гана өткөнүн өзүм, үй-бүлөм анан жакындарым эле билет. Чындыкты жашырып же бурмаласа болот, бирок ал кашкайып бир күнү баары бир чыгып калат", - деген Алламжонов алдыда дагы көп сыноолор күтүп турганын кошумчалады.
12-февралда Өзбекстандын аскердик соту Комил Алламжоновго кол салуу аракети үчүн 10 кишини узак мөөнөттөргө абакка кести.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин бири нече беренелеринде каралган кылмыш жасаган деген айып тагылды. Арасында адам өлтүрүүгө аракет кылуу, кыйноо, тергөөгө тоскоол болуу, кылмыш тууралуу кабарлабоо, кызматынан кыянат пайдалануу, өлкөгө кирип-чыгуу эрежелерин бузуу кылмыштары бар. Билдирүүдө Алламжоновдун эмне себептен бутага алынганы же кутумдун артында ким турганы айтылган жок.
Эркинен ажыратылгандардын арасында президенттин коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, Ташкенттин Ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары дагы бар.
Алламжоновдун өмүрүнө кол салуу былтыр 26-октябрда, Өзбекстандагы парламенттик шайлоону утурлай болгон. Президент Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саиданын жакын санаалашы деп саналган Алламжонов жабыркаган эмес.
Ал кол салууга байланыштуу ондогон жогорку даражалуу аткаминерлер кызматтан алынды.
- 40 жаштагы Алламжонов 2018-2022-жылдары президенттик администрацияга караштуу Маалымат жана жалпы коммуникация агенттигинин директору болуп иштеди. 2022-жылы администрациянын башчысынын коомдук пикирди изилдөөгө жана маалыматтык саясатына жооптуу орун басары болуп дайындалган.
- Кийин администрациянын Маалыматтык саясат департаментин жетектеп, бул кызматтан былтыр сентябрь айында кеткен. Алламжоновдун кызматтан кетиши башка ишке өтүү катары көрсөтүлгөнү менен, башкаруучу үй-бүлөнүн ичиндеги ажырымдын белгиси катары мүнөздөлгөн.
Шерине