Трамп Путин жана Зеленский менен телефондон сүйлөштү
12-февралда АКШнын президенти Дональд Трамп адегенде Орусиянын мамлекет башчысы, андан кийин Украинанын лидери менен телефондон сүйлөштү. Трамптын айтымында, Владимир Путин да, Владимир Зеленский да тынчтыкты кааларын билдирди. Вашингтон Киевдин НАТОго кошулуусун согушту жөнгө салуунун бир бөлүгү деп эсептебейт. Мунун алдында Пентагондун башчысы Украинанын 2014-жылга чейинки чек араларына кайтуусун “реалдуу эмес” деп сыпаттаган. Европанын айрым өлкөлөрү сүйлөшүүлөргө чейин эле Москвага артыкчылык берүү туура эмес стратегия деп эсептешет.
Шерине