Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

13-февраль: Журналист Нарын Айып дүйнө салды. Мүнхенде 20дай киши машине сүзгөндө жараат алды.


Нарын Айып. Архив.
Нарын Айып. Архив.

13-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Журналист Нарын Айып 72 жашында дүйнө салды

Журналист Нарын Айып 13-февралда Бишкекте 72 жашында дүйнө салды. Ал 7-каналда иштеп жаткан жеринен өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап калганы кабарланды. Нарын Айып (Идинов Нарынбек Айыпович) 1952-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктап, 5 жылдан кийин Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин 1974-жылы кызыл диплом менен бүтүргөн. Ал 1993-жылдын ноябрынан тартып Нарын Айып Мюнхенде “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматында иштей баштаган жана 1995-жылдан тарта (радио Мюнхенден Прагага көчкөндөн соң) 2002-жылга чейин ал кызматтын редактору болуп эмгектенген. Кыргызстандагы бир топ ЖМКларда ар кандай кызматтарда иштеген. Нарын Айыптын артында аялы Нуржамал Идинова, төрт кызы калды. “Азаттык” радиосунун эмгек жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтат.

“ЭлКаттын” жетекчилерине козголгон кылмыш иши

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) “ЭлКат” компаниясынын жетекчилерине козголгон кылмыш иши тууралуу маалымат берди. Атайын кызмат 13-февралда тараткан маалыматка ылайык, тергөөдө “ЭлКат” мамлекеттик-жеке ишканасы 1994-жылы түзүлүп, анын 51% Президентинин аппаратына, 49% “Компьютердик технологиялар борбору” жоопкерчилиги чектелген коомуна тиешелүү болгон. Кийин мамлекеттин акциясы мыйзамсыз жеке жактарга өтүп кеткенин кабарлады. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 12-февралда “ЭлКат” компаниясынын мурдагы директору Уланбек Толубаевди, негиздөөчүлөрү Зикирали Кенжебаев жана Сергей Шмелевду 3-апрелге чейин камакка алган. Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылууда. Алардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. “ЭлКат” - Кыргызстандагы ири интернет-провайдер. “ЭлКат” ачык акционердик коомунда азыр мамлекеттин үлүшү жок.

Финкөзөмөлдүн мурдагы башчысы Тойчубеков камалды

MCN coin криптоактивинин ишине байланыштуу Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубеков 5-апрелге чейин камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту 13-февралга караган түнү чыгарганын райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсү берген. Юруслан Тойчубековго Кылмыш-жаза кодексинин “Финансы пирамидаларын уюштуруу” беренеси менен айып тагылды. Кыргызстанда MCN coin криптоактивин уюштуруудагы алдамчылыкка шек саналып буга чейин эки адам камалган.

Жогорку Кеңеш Жер кодексин кабыл алды

Жогорку Кеңеш 13-февралдагы отурумунда талаш жараткан Жер кодексинин жаңы редакциясын үчүнчү окууда кабыл алды. Ал эми президентке кол коюу үчүн жөнөтүлөт. Парламентте дачалардын маселеси талкуу жаратып, 13 депутат мыйзам долбоорун экинчи окууга кайтаруу сунушун берген. Бул демилге добушка коюлган жок. Жер кодексинин жаңы редакциясын Министрлер кабинети 2022-жылы иштеп чыккан. Документ бир жылдай коомдук талкууда жүрүп, 2023-жылы парламентке киргизилген. 2024-жылдын жай айларында анын долбоорун Жогорку Кеңештин комитеттери карап баштаган. Кыргызстанда Жер кодекси алгачкы жолу 1999-жылы кабыл алынган. Андан бери ага 61 ирет өзгөртүү киргизилген. Айрым депутаттар дачанын жерлери мамлекетке өтүп кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат. Өкмөт андай коркунуч жок экенин билдирүүдө.

Трамп Путин жана Зеленский менен телефондон сүйлөштү

АКШнын президенти Дональд Трамп жана Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин 12-февралда телефондон сүйлөштү. Трамп өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүнө орус лидери менен “узак жана өтө майнаптуу баарлашуу” болгонун жазды. АКШ президенти ошондой эле Украина менен Орусиянын ортосунда тынчтык келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган командасынын курамын жарыялады. Ага мамлекеттик катчы Марко Рубио, Борбордук Чалгын кызматынын (ЦРУ) башчысы Жон Рэтклифф, Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц жана Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткофф кирди. Путин менен Трамптын сүйлөшүүсү дээрлик бир жарым саатка созулганын Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Көп өтпөй украин лидери Зеленский Трамп менен телефондон “дипломатиялык, аскердик, экономикалык” маселелерди талкуулаганын кабарлады.

Мүнхенде топтолгон адамдарды машине сүзүп, 20дай киши жаракат алды

Германиянын Мүнхен шаарында 13-февраль күнү эртең менен белгисиз адам машинеси менен көчөдө топтолгон адамдарды сүзгөн. Bild басылмасы жазгандай, 20дай киши жаракат алды. Окуя борбордук вокзалга жакын жерде болгон. Ал маалда жергиликтүү тургундардын демонстрациясы өтүп жаткан. Жабыркагандардын көбү ошол иш-чаранын катышуучулары болгон. Күбөлөрдүн айтымында, айдоочу бул кадамга атайылап баргандай сезилген. Полиция айдоочу кармалганын билдирди.13-февралда Мүнхенде Коопсуздук боюнча эл аралык конференция башталат.

Зеленский Порошенко менен Коломойскийге санкция салуучу буйрукка кол койду

13-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнүн Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин (УККК) мурда кабыл алган чечимин бекиткен жарлыкка кол койду. Бул чечимге ылайык, мурдагы президент Петро Порошенкого жана бир катар ири бизнесмендерге каршы мөөнөтсүз санкциялар киргизилди. Санкция салынгандардын катарында камакта жаткан миллиардер Игорь Коломойский, "Приватбанктын" мурдагы кожоюну Геннадий Боголюбов, ишкер Константин Жеваго жана учурда Орусияда жашаган, Украинада мамлекеттик чыккынчылык боюнча айыпталган мурдагы "Жашоо үчүн оппозициялык платформа" партиясынын лидери Виктор Медведчук бар. Бул санкцияларга ылайык, аталган адамдардын Украина аймагындагы активдери камакка алынат, экономикалык чектөөлөр киргизилет жана өзүлөрү мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратылат. Порошенко 2014-жылдын 7-июнунан 2019-жылдын 20-майына чейин Украина президенти болгон. 2019-жылкы шайлоодо ал Зеленскийге утулуп калган.

Казакстанда камактагы активист Тимур Данебаев ачкачылык жарыялады

Казакстанда камактагы жарандык активист Тимур Данебаев, өзүнө жана башка соттолгондорго кыйноо көрсөтүүгө айыпталган түрмө кызматкерлеринин акталышына каршы ачкачылык жарыялады. Анын 13-февралда жасаган видео кайрылуусу Qaharman укук коргоо фондунун баракчасында жарыяланды. "Айыпталуучулардын акталганына таң калдык. Биз өкүм менен макул эмеспиз. Ачкачылык жарыялайбыз", – деди Данебаев видео кайрылуусунда. Казакстандын Ички иштер министрлигинин Жаза аткаруу комитети активист ачкачылык жарыялаганын ырастады. Буга чейин Атбасар шаарындагы сот жарандык активист Данебаев жана башка соттолгондорго кыйноо көрсөтүү боюнча айыпталган 12 адамды актаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG