8-класстын окуучусунун өлүмүнөн кийин Бишкектеги №72 мектептин жетекчилиги толугу менен кызматтан четтетилди. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 13-февралда Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.
Министр 9-класстагы окуучунун өлүмүнөн соң Кара-Суудагы №39 мектептин жетекчиси баш болгон жети мугалим кызматтан кетирилгенин кошумчалады.
"Бишкекте 106 мектеп видео көзөмөл менен жабдылган. Ички иштер министрлигинин жашы жете электер менен иштөөчү инспекторлорунун санын көбөйтүп, мектептерди психолог менен камсыздоо да зарыл", - деди Кендирбаева.
Бишкекте каза тапкан баланын ата-энеси анын өлүмүнө дааратканада башка балдардын ур-токмокко алганы себеп болгонун айтууда. Мектеп мугалимдери бала дааратканада кулап түшүп, жуунмага башы менен тийгенин билдиришкен. Окуучу 4-февралда ооруканада көз жумган.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгы Бишкектеги №72 мектепте окуучунун өлүмүнө байланыштуу “Ден соолукка оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш ишин козгогон жана өлүмдүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Бул мектепке бекитилген милиция кызматкеринин ишине да укуктук баа берилери кабарланган.
13-февралда Ош облустук ички иштер башкармалыгы Кара-Суу районунда 9-класстын окуучусунун өлүмү боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (“Ден-соолукка оор залал келтирүү”) менен кылмыш ишин козгогон. Милициянын маалыматына ылайык, 12-февралда Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы орто мектептин имаратынын алдында 9-класстын окуучусу жыгылып, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын маалымдаган билдирүүсүнөн соң суицидге барган балдардын жакындары өспүрүмдөр мектептеги чоңсунуунун, рэкетчиликтин айынан өзүнө кол салышканын билдиришкен. ИИМ балдардын ата-энелери миграцияда болгонун негизги себеп катары көрсөткөн. (ZKo)
Шерине