Журналист Нарын Айып 13-февралда Бишкекте 72 жашында дүйнө салды. Ал 7-каналда иштеп жаткан жеринен өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап калганы кабарланды.
Нарын Айып (Идинов Нарынбек Айыпович) 1952-жылы Нарын облусунун Жумгал районунда туулган. 1969-жылы Бишкектеги №44 орто мектепти аяктап, 5 жылдан кийин Кыргыз улуттук университетинин физика факультетин 1974-жылы кызыл диплом менен бүтүргөн.
1975-1976-жылдары Москвадагы Ломоносов атындагы университеттин физика факультетинде стажировкадан өтүп, Кыргыз улуттук университетинде мугалим болуп иштегенден кийин, 1977-1980-жылдары СССР Илимдер академиясында (Н.Намёткин атындагы Нефтехимиялык синтез институтунда) аспирантурада окуп, Москвада 1982-жылдан 1993-жылга чейин СССР Илимдер академиясында (Жогорку температуралар институтунда) илимий кызматкер болуп иштеген.
1993-жылдын башында ошол кезде Мүнхен шаарында жайгашкан “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна чакырылып, интервьюдан өтүп келген жана анын аралыгында Бишкекке убактылуу келип, 1993-жылы апрелден октябрга чейин “Res Publiсa” эркин гезитинде башкы редактордун орун басары болуп иштеген.
1993-жылдын ноябрынан тартып Нарын Айып Мүнхенде “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Кыргыз кызматында иштей баштаган жана 1995-жылдан тарта (радио Мүнхенден Прагага көчкөндөн соң) 2002-жылга чейин ал кызматтын редактору, 2007-жылга чейин журналисти болуп эмгектенген.
2008-2010-жылдарда “Кабар” улуттук маалымат агенттигинин директору, 2010-жылдан 2014-жылга чейин Бишкектеги Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) “Ала-Тоо” маалымат-аналитикалык дирекциясынын директору, 2014-2015-жылдары НТС телеканалынын аналитикалык программаларынын баш редактору, 2015-жылы “Вечерний Бишкек” гезитинин саясат боюнча шеф-редактору болуп иштеген. 2015-жылы Zanoza.kg сайтын чыгарган “ПроМедиа” коомдук фондунун үч негиздөөчүсүнүн бири болгон (калган экөө - Геннадий Кузьмин жана Дина Маслова).
Андан кийин Кыргызстандагы бир катар медиаларда кызмат кылып, кийин 5-каналда алып баруучу, редактор, соңку кездери “Жетинчи каналда” иштеп жаткан.
Нарын Айыптын артында аялы Нуржамал Идинова, төрт кызы калды.
“Азаттык” радиосунун эмгек жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтат.
Шерине