Украинага караштуу Одесса облусунун Измаил району 13-февралга караган түнү дрондордун жапырт чабуулуна кабылды.
Облустун аскердик администрациясынын башчысы Олег Кипердин айтымында, соккудан бир киши жараат алды.
"Чабуулдун натыйжасында портко жакын инфраструктура жана иштебей турган окуу жайдын имараты талкаланды", -деп билдирди Кипер.
Чабуул тууралуу эскертүү бир нече саат мурда берилип, тургундарга бомбадан коргонуучу жайларга жашырынуу сунуштулган.
Баллистикалык ракеталык чабуул тууралуу эскертүү баш калаа Киевдин тургундарына да берилди.
Ал эми Херсон облусундагы артиллериялык сокку учурунда көп кабаттуу үйгө урулуп, эки киши жараат алды. Бул тууралуу Херсон облусунун губернатору Александр Прокудин билдирди.
Андан тышкары орус армиясынын эки "Шахед" дрону Молдованын аба мейкиндигинде аймагында жарылганын президент Майя Санду билдирди.
"Орусия чек араларды сыйлабайт, жайкын тургундарга кол салат жана коркунуч жаратат. Украина кылмыштуу согуш ачты. Биз сыяктуу тынч элди жайыбызга койгула", - деп жазды Санду X социалдык түйүнүнө.
Бейшемби күнү ошондой эле белгисиз дрон Беларустун Гомель шаарына чейин жеткени кабарланды. Бирок бул боюнча эч бир тарап расмий комментарий берген жок.
Ошол эле түнү Орусиянын бир катар аймактары да учкучсуз аппараттардын чабуулуна кабылганы маалым болду.
Орусиянын бийлиги көптөгөн далилдерге карабастан бир гана аскердик жайларды бутага алганын билдирип, карапайым тургундар жашаган райондорго жасалган чабуулдар тууралуу маалыматтарды четке кагып келет. Азырынча расмий Москва соңку чабуулдар жана Молдованын аймагында жарылган дрондор тууралуу да комментарий бере элек.
Шерине