Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:58

Хегсет: Украинанын 2014-жылга чейинки чек араларына кайтуусу реалдуу эмес


Пит Хегсет Брюсселдги жолугушууда. 12-февраль 2025-жыл
Пит Хегсет Брюсселдги жолугушууда. 12-февраль 2025-жыл

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Украинанын 2014-жылга чейинки чек араларына кайтуусун жана аннексияланган Крым жарым аралын кайра алуусун “реалдуу эмес” деп атады.

“Мындай иллюзиялык максатты кубалап, согушту жана азап чегүүнү создуктура беребиз”, - деп билдирди министр.

Ал Ак үй Киевдин НАТОго кошулуусун согушту жөнгө салуунун бир бөлүгү деп санабасын айтты.

Брюсселде НАТОнун жыйынына катышкан маалда жасаган билдирүүсүндө Пентагондун жаңы башчысы Киев менен Москва кандай гана шартта элдешпесин, АКШ Украинага аскерлерин жайгаштырбай турганын жана америкалык армия региондогу кепилдик болбосун белгиледи.

Анын пикиринде, АКШнын НАТО боюнча өнөктөштөрү Европадагы коопсуздукту камсыздоодо өзүнө көбүрөөк жоопкерчилик алууга тийиш.

Брюсселдеги жыйынга Орусиянын агрессиясына каршы согушуп жаткан Украинага колдоо көрсөткөн 50 чакты мамлекеттин өкүлдөрү катышты.

Бир күн мурда Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен сүйлөшүүлөр болуп калса, Курск облусунун украин армиясы көзөмөлдөгөн жерлерин орус күчтөрү басып алган аймактарга айырбаштоону сунуш кылышы мүмкүн экенин айткан.

Президент Орусия менен сүйлөшүүгө даярдыгын айтып, ал үчүн Украинанын күчтүү позицияда болушун кааларын белгилеген.

Зеленскийдин айтымында, согушту токтотуу үчүн Киев Европадан гана эмес, АКШдан да коопсуздук кепилдиктерин алууга тийиш.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц Вашингтон урушту токтотууга кызыкдар экенин, бирок коопсуздукту кепилдөө маселеси Европага жүктөлөрүн билдирген.

Былтыр 6-августта украин армиясы Орусиянын Курск аймагына кирип барып, аймактын жарымын өз карамагына алган. Орус күчтөрү айрым райондорду кайтарууга жетишкен, бирок бир нече айыл-кыштак, анын ичинен Суджа районунун борбору украин аскерлеринин көзөмөлүндө калууда.

Зеленский бул операцияны Харьковдон орус ракеталарын оолактатуу үчүн буфердик зона түзүү аракети катары түшүндүргөн.

Ал эми Орусия аннексияланган Крымдан тышкары Донбасстын ири бөлүгүн, Херсон жана Запорожьенин кээ бир райондорун басып алган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия менен Украинанын ортосунда "аймактарды айырбаштоо мүмкүн эмес" деп билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG