Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:54

“ЭлКаттын" жетекчиси жана негиздөөчүлөрү 3-апрелге чейин камалды


Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 12-февралдагы токтому менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө тобунун өтүнүчүн канааттандырып, К.З.М., Ш.С.И. жана Т.У.А. аттуу жарандарды 3-апрелге чейин камакка алууну чечти. Алар Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө ("Коррупция") каралган кылмышка айыпталууда.

Бул тууралуу райондук сот билдирди.

“ЭлКат” компаниясынын жетекчиси алмашып, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын мурдагы орун басары Нурадил Баясов ишкананын убактылуу жетекчиси болуп дайындалганы, тиешелүү чечимге Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев 11-февралда кол койгону белгилүү болгон.

Буга чейин Kaktus.media порталы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып УКМК “ЭлКат” компаниясынын кеңсесин тинтип, мурдагы директору Уланбек Толубаевди, негиздөөчүлөрү Зикирали Кенжебаев жана Сергей Шмелевду кармап кеткенин жазган.

Алардын жакындары жана адвокаттар комментарий бере элек.

“ЭлКат” - Кыргызстандагы ири интернет-провайдер. Ишкана чоң-чоң компанияларга, чакан жана орто ишканаларга, мамлекеттик уюмдарга, Кыргызстандагы уюлдук операторлорго жана ири эл аралык уюмдарга кызмат көрсөтөт.

“ЭлКат” ачык акционердик коомунда мамлекеттин үлүшү жок.

Шерине

XS
SM
MD
LG