Конституциялык сот Бишкек шаардык мэриясынын Ата түрк паркы боюнча чечимин мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, Конституциялык сот 29-январда адвокат Самат Матцаковдун жана Курманбек Осмоновдун Бишкек мэриясынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги "Ата түрк паркы тууралуу" токтомунун мыйзамдуулугун аныктап берүүнү өтүнүп кайрылган арызын караган.
Жыйынтыгында Консот Бишкек мэриясынын Кыргызстандын "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өзүн-өзү башкаруу органдары тууралуу" мыйзамынын 44-беренесинин 3-бөлүгүнө негизделген Ата түрк паркы тууралуу токтому мыйзамдуу жана Баш мыйзамга кашы келбейт деп тапты.
Мэриянын маалыматында мындан тышкары Жогорку сот 22-январда Бишкек шаардык сотунун Ата түрк паркынын айрым жер тилкелери боюнча өндүрүштү токтотуу тууралуу аныктамасын канааттандырбай, ишти кароону баштапкы инстанцияга кайтарганы кабарланган.
Мэрия мыйзам чегинде гана аракеттенип келгенин, жер тилкелерин мыйзамсыз пайдаланып жаткандардан кайтаруу аракеттери жүрүп жатканын кошумчалаган.
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 2024-жылы 16-апрелде Ататүрк паркынан турак жай курууга жер берүү боюнча мурдагы мэрлердин колу коюлган 124 токтом жокко чыгарылганын билдирген.
Ошондой эле 1992-жылы 25-июндагы № 225 токтому менен бекитилген, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон. Ага ылайык, мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек.
Аталган парктагы үйлөрдүн жана жер тилкелердин ээлери президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, учурунда тилкени мыйзамдуу сатып алганын, эгер үйлөр бузулса, анда алардын менчик укугу бузуларын билдиришкен. (ZKo)
Шерине