Каза болгон өспүрүмдүн жакындары ал мектепте сабалып, ошонун жыйынтыгында каза болгонун айтышууда. Милиция тергөө жүрүп жатканын билдирди.
10-февраль күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук милиция бөлүмүнө жергиликтүү жаран арыз менен кайрылып, 2010-жылы туулган уулу мектептин дааратканасында сабалып, көз жумганын билдирген. Бул тууралуу аталган райондук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.
"Жаран арызында 21-январь күнү, 2010-жылы туулган А.А. аттуу уулуна (Бишкектеги) №72 орто мектептин дааратканасынан Т.И., С. Б., К. Б. аттуу окуучулар денесине жаракат келтиришкенин жана анын кесепетинен уулу эс-учун жоготуп Улуттук кардиология борборуна жаткырылганын жана 4-февраль күнү ооруканада каза болгондугун билдирген", - деп жазылган маалыматта.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Ден соолукка оор залал келтирүү") менен кылмыш иши козголгон. Тиешелүү соттук экспертизалар дайындалып, иштин жагдайлары териштирилүүдө.
Ленин райондук милициясы өспүрүмдүн ата-энесинин арызы дыкат каралып, ар тараптуу териштирүү жүргүзүлөрүн кабарлады. №72 орто мектепке бекитилген кызматкери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатканын кошумчалады.
Бир нече күн мурун соцтармакта мектеп окуучулары дааратканада бир окуучуну көптөп тепкилеп-сабап жатканы тартылган тасма тараган. Көп өтпөй айрым маалымат каражаттары дааратканада сабалган окуучу ооруканада көз жумганын, баланын ата-энеси бул тууралуу мектептин жетекчилиги да, милиция да эч кандай маалымат бербегенине нааразылыгын билдиргенин жазышкан.
Билим берүү жана илим министрлиги да, Ички иштер министрлиги да бул тасманын аталган окуяга тиешеси бар-жогу тууралуу маалымат бере элек.
Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын он айында 75 өспүрүм өз өмүрүн кыйганын маалымдаган билдирүүсүнөн соң, суицидге барган балдардын жакындары балдар мектептеги чоңсунуу (рэкетчиликтин) айынан өзүнө кол салышканын билдиришкен. ИИМ балдардын ата-энелери миграцияда болгонун негизги себеп катары көрсөткөн.(ZKo)
Шерине