Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:17

Футбол: Кыргызстандын жаштар курамасы Австралияга 5:1 эсебинде утулду


Футбол боюнча Кыргызстан менен Австралиянын жаштар курамасынын беттеши.
Футбол боюнча Кыргызстан менен Австралиянын жаштар курамасынын беттеши.

12-февралда Кыргызстандын футбол боюнча U-20 жаштар курамасы Азия кубогунун алгачкы беттешинде Австралияга 5:1 эсебинде утулду. Оюн Кытайдын Шэньчжэнь шаарындагы Baoan Sports Centre Stadium стадионунда өттү.

Жаштар арасындагы Азия кубогу 12-февралдан 1-мартка чейин Шэньчжэнь шаарында болот. Ага баш-аягы 16 курама команда катышат.

Кыргызстандын футболчулары А тайпасында Австралия, Кытай жана Катар менен жайгашкан. Б тайпасында Иордания, Ирак, Түндүк Корея жана Сауд Аравиясы, С тайпасында Индонезия, Иран, Йемен жана Өзбекстан, Д тайпасында Сирия, Таиланд, Түштүк Корея жана Жапония бар.

Турнирдин жарым финалына чыккан төрт команда 2025-жылы 27-сентябрдан 19-октябрга чейин Чилиде өтө турган жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатына жолдомо алат.

Кыргызстандын жаштар курамасы эми 15-февралда Кытай, 18-февралда Катар менен ойнойт. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG