12-февралда Өзбекстандын аскердик соту президенттин администрациясынын башчысынын мурдагы орун басары, президенттин мурдагы маалымат катчысы Комил Алламжоновго кол салуу аракети үчүн 10 кишини узак мөөнөттөргө абакка кести.
Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Шухрат Расулов, Исмоил Жахонгиров жана Шохрух Ахмедов 23 жылдан, Жавлон Юнусов 18 жарым, Дониёр Ташхожаев 7 жылга эркинен ажыратылды.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин бири нече беренелеринде каралган кылмыш жасаган деген айып тагылды. Арасында адам өлтүрүүгө аракет кылуу, кыйноо, тергөөгө тоскоолдук болуу, кылмыш тууралуу кабарлабоо, кызматынан кыянат пайдалануу, өлкөгө кирип-чыгуу эрежелерин бузуу кылмыштары бар.
Сот калган беш кишинин аты-жөнүн атаган жок.
“Озодлик” радиосу жазганына караганда, Шухрат Расулов президенттин коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, Дониёр Ташхожаев былтыркы ноябрга чейин Ташкенттин Ички иштер башкармалыгынын жетекчи орун басары болчу.
Билдирүүдө Алламжоновдун эмне себептен бутага алынганы же кутумдун артында ким турганы айтылган жок.
Алламжоновдун өмүрүнө кол салуу былтыр 26-октябрда, Өзбекстандагы парламенттик шайлоону утурлай болгон. Президент Шавкат Мирзиёевдин улуу кызы Саиданын жакын санаалашы деп саналган Алламжонов жабыркаган эмес. Ага кол салууга байланыштуу бир нече адам камалып, ондогон жогорку даражалуу аткаминерлер кызматтан алынды.
- 40 жаштагы Алламжонов 2018-2022-жылдары президенттик администрацияга караштуу Маалымат жана жалпы коммуникация агенттигинин директору болуп иштеди. 2022-жылы администрациянын башчысынын коомдук пикирди изилдөөгө жана маалыматтык саясатына жооптуу орун басары болуп дайындалган.
- Кийин администрациянын Маалыматтык саясат департаментин жетектеп, бул кызматтан былтыр сентябрь айында кеткен. Алламжоновдун кызматтан кетиши башка ишке өтүү катары көрсөтүлгөнү менен, башкаруучу үй-бүлөнүн ичиндеги ажырымдын белгиси катары мүнөздөлгөн.
Шерине