Казак парламентинин депутаты Ирина Смирнова "чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам кабыл алуу керек деп эсептейт. Бул тууралуу эл өкүлүнүн 12-февралда премьер-министр Олжас Бектеновго жолдогон кайрылуусунда айтылат.
Смирнова Казакстан өзүн АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (United States Agency for International Development - USAID) өңдүү чет элдик уюмдардын ишмердигинен коргоого тийиш деп эсептейт. Анын пикиринде, мындай чара жарандык коомду куугунтуктоого алып келбейт.
Смирнова мүчө болгон “Элдик партия” өзүн оппозициялык деп атаганы менен бийликке лоялдуу экенин Рейтер агенттиги жазат.
Өз сөзүндө депутат "Азаттык" радиосун да мисалга келтирип, алардын сайтында “жаңы мектептер, жолдор салынып жатканы, реформалар жүргөнү, казакстандыктардын жетишкендиктери тууралуу материалдар жок” деп айткан.
Смирнова Казакстанда чет жактардан каржыланган 200дөй бейөкмөт уюм бар экенин билдирип, көп учурда жалпыга маалымдоо каражаттары, демократияны өнүктүрүү жана сөз эркиндиги жаатындагы долбоорлор колдоого алынарын белгиледи.
Бийликтеги “Аманат” партиясы же казак өкмөтү депутаттын сунушун азырынча комментарийлеген жок.
Мурдагы советтик өлкөлөр Орусияныкындай "чет элдик агенттер" тууралуу мыйзамдарды кабыл алып, Батыштын сынына кабылган.
Орусияда андай жобо Кремлди сындагандарды куугунтуктоого жол ачкан.
Шерине