Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:18

12-февраль: Консот Ататүрк боюнча мэриянын чечимин мыйзамдуу деп тапты, Ооруканадагы өрт эки баланын өмүрүн алды


Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту. 12-февраль.
Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институту. 12-февраль.

12-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Хегсет: Украинанын 2014-жылга чейинки чек араларына кайтуусу реалдуу эмес

АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Украинанын 2014-жылга чейинки чек араларына кайтуусун жана аннексияланган Крым жарым аралын кайра алуусун “реалдуу эмес” деп атады. Брюсселде НАТОнун жыйынына катышкан маалда жасаган билдирүүсүндө Пентагондун жаңы башчысы Киев менен Москва кандай гана шартта элдешпесин, АКШ Украинага аскерлерин жайгаштырбай турганын жана америкалык армия региондогу кепилдик болбосун белгиледи. Анын пикиринде, АКШнын НАТО боюнча өнөктөштөрү Европадагы коопсуздукту камсыздоодо өзүнө көбүрөөк жоопкерчилик алууга тийиш. Бир күн мурда Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен сүйлөшүүлөр болуп калса, Курск облусунун украин армиясы көзөмөлдөгөн жерлерин орус күчтөрү басып алган аймактарга айырбаштоону сунуш кылышы мүмкүн экенин айткан. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия менен Украинанын ортосунда "аймактарды айырбаштоо мүмкүн эмес" деп билдирди.

Кардиохирургияда өрт учурунда эки бала каза болду

Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда 11-фервралдан чыккан өрттүн кесепетинен 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм Улуттук кардиология жана терапия борборунда каза тапты. Өрттөн 9 адам жабыркады. Кырсыкка байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси (“Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу”) менен кылмыш ишин козгоду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өрттү көзөмөлдөө кызматы Бишкек шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтуна буга чейин өрт коопсуздук эрежелери бузулганы, аларды четтетүү тууралуу эскертүү бергенин билдирди.

Армян парламенти ЕБге кирүү жараяны боюнча долбоорду биринчи окууда жактырды

Армениянын Улуттук ассамблеясы (парламент) Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Бул тууралуу Armenpress кабар агенттиги маалымдады. Долбоорду 63 депутат колдоп, жетөө каршы добуш берди. Парламент документти 11-февралда талкуулай баштаган. Демилге "ЕвроРеферендум" жарандык кыймыл тарабынан көтөрүлгөн. Сунушту парламентке киргизүү үчүн 50 миң кол зарыл болсо, алар 60 миң кол чогулткан. Быйыл 9-январда Армениянын өкмөтү Еврошаркетке кошулуу жараянын баштоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырган. Кабинеттин жыйынында премьер-министр Никол Пашинян өлкөнүн биримдикке кошулуусу элдик референдумда гана чечилүүгө тийиш, ага чейин "жол картасы" иштелип чыгышы керек деп айткан.

Бөрүбаев кыргыз-тажик чек арасын тактоо тууралуу комментарий берди

Кыргыз өкмөтүнүн чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери тууралуу билдирүүсүнө комментарий берди. Ал 12-февралда “Азаттыктын” суроосуна кыскача жооп берип, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы дээрлик такталып бүткөнүн айтты. “Чын эле, жол жана суу объектилери боюнча сүйлөшүүлөр болуп атат. Негизи ал деле бүтүп калган”, - деди ал. Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин шейшембиде маалымат жыйынында кыргыз-тажик чек арасы такталганын, жол жана суу объектилеринин маселеси талкууланып жатканын айткан. Башкы дипломаттын сөзүнө караганда, Ворух жана Исфара ортосунда жол салуу, “суу объектилерин пайдалануу” боюнча маселе талкууланып жатат. Ал “суу объектилерин колдонуу кандай уюштурулары чечилүүгө тийиш” деп кошумчалаган.

“ЭлКаттын" жетекчиси жана негиздөөчүлөрү 3-апрелге чейин камалды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 12-февралдагы токтому менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын тергөө тобунун өтүнүчүн канааттандырып, К.З.М., Ш.С.И. жана Т.У.А. аттуу жарандарды 3-апрелге чейин камакка алууну чечти. Алар Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө ("Коррупция") каралган кылмышка айыпталууда. Бул тууралуу райондук сот билдирди. “ЭлКат” компаниясынын жетекчиси алмашып, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын мурдагы орун басары Нурадил Баясов ишкананын убактылуу жетекчиси болуп дайындалганы, тиешелүү чечимге Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев 11-февралда кол койгону белгилүү болгон. Буга чейин Kaktus.media порталы укук коргоо органдарындагы булактарына таянып УКМК “ЭлКат” компаниясынын кеңсесин тинтип, мурдагы директору Уланбек Толубаевди, негиздөөчүлөрү Зикирали Кенжебаев жана Сергей Шмелевду кармап кеткенин жазган. Алардын жакындары жана адвокаттар комментарий бере элек.

Фейсбуктагы жазгандары үчүн дагы бир адам кармалды

Фейсбукта “Берик Держинский” деген ат менен жазып жүргөн 50 жаштагы адам Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Ал социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында ал өлкө жетекчилигинин дарегине жагымсыз постторду жазып жүргөн деп шек саналууда. “Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашуун адамды аныктаган.

АКШ жараны Марк Фогел Орусиянын абагынан бошотулду

Америкалык жаран Марк Фогел Орусияда абактан бошотулуп, мекенине кайтып барды. АКШнын президенти Дональд Трамп аны Ак үйдө тосуп алып, орус тарап менен макулдашуу адилеттүү болгонун билдирди. Мурдагы дипломат жана мугалим Фогел Орусиянын президенти Владимир Путин айыбын кечкенин айтты. Ага чейин Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц америкалык жаран айырбашталганын билдирген. Бирок аны кимге алмаштырышканы белгисиз. АКШнын бийлиги Фогелди бошотууну Орусия тараптын жакшы ниети жана украин согушун токтотуу багытындагы «оң ишарат» деп баалап жатат. АКШнын Орусиядагы элчилигинин мурдагы кызматкери Фогел 2022-жылдын жайында маңзаттарынын аткезчилиги деген жүйө менен 14 жылга кесилген. Ал 2021-жылы Шереметьево аэропортунда кармалганда жанында маңзаттар табылган. Фогел ал кезде Москвадагы англис-америкалык мектептин окутуучусу болчу.

Конституциялык сот Ататүрк паркы боюнча мэриянын чечимин мыйзамдуу деп тапты

Конституциялык сот Бишкек шаардык мэриясынын Ата түрк паркы боюнча чечимин мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта айтылгандай, Конституциялык сот 29-январда адвокат Самат Матцаковдун жана Курманбек Осмоновдун Бишкек мэриясынын 2024-жылдын 12-апрелиндеги "Ата түрк паркы тууралуу" токтомунун мыйзамдуулугун аныктап берүүнү өтүнүп кайрылган арызын караган. Жыйынтыгында Консот Бишкек мэриясынын Кыргызстандын "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өзүн-өзү башкаруу органдары тууралуу" мыйзамынын 44-беренесинин 3-бөлүгүнө негизделген Ата түрк паркы тууралуу токтому мыйзамдуу жана Баш мыйзамга кашы келбейт деп тапты.

Шерине

XS
SM
MD
LG