11-февралдын кечинде өрт чыккан учурда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий изилдөө институтундагы дарыланып жаткан бейтаптар башка ооруканаларга жайгаштырылат. Үйүнө жиберилген бейтаптар Бишкектеги кардиология борборуна атайын кеңеш берүүчү бөлүмгө келип, амбулатордук түрдө жардам алып турушат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нургүл Ибраева Биринчи радионун эфиринде билдирди.
Анын сөзүнө караганда, операцияга муктаж адамдар Бишкектеги Дартты аныктоо борборунун 5-кабатындагы убактылуу клиникалык базага жайгашат. Өлкөнүн түштүгүнөн келген бейтаптардын айрымдары Жалал-Абаддагы жүрөк хирургиясы ооруканасына, Оштогу балдар ооруканасына барып жайгашып, дарыгерлердин жардамын алып турат.
Кардиохирургия жана органдарды алмаштыруу институтундагы өрттүн себептерин иликтөө иштери бүткөнчө ал жактагы медициналык жабдыктар Дарт аныктоо борборуна жеткирилет.
Ибраеванын маалыматына караганда, аталган институт 70 орундуу. Бул клиникага оор акыбалдагы, операцияга муктаж жарандар республиканын бардык аймактарынан келип дарыланышчу.
11-февралдын кечинде институтта өрт чыгып, 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм каза тапты.
Өрт чыккан учурда ооруканада жалпы 104 адам болгон. 50 бейтап (19у балдар), аларды карап жаткан 32 адам жана 22 медициналык кызматкер. 12 бала Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, эки бейтап Улуттук госпиталга, 15 бейтап Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду. 19 адам үйүнө дарыланууга чыкты.
Өрт боюнча Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 275-беренеси (“Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу”) менен кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кырсыктын себептерин аныктоо үчүн мекемелер аралык комиссия түзүү тапшырмасын берген.(ZKo)
Шерине