Энергетика министри Таалайбек Ибраев “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясы (ГЭС) долбооруна каражат дээрлик табылганын билдирди. Бул тууралуу ал 12-февралда “Биринчи радиодогу” маегинде айтты.
Анын маалыматына караганда, 27-январда Дүйнөлүк банк Ташкентте Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын өкүлдөрү менен ГЭСти куруу боюнча жолугушуу өткөрдү.
“Ал чоң жыйында үч мамлекет Дүйнөлүк банкка биз ГЭСти чогуу курганга даярбыз, ар бирибизге 500 млн доллардан бөлүп бергиле деп кат беришти. “Камбар-Ата-1” ГЭСинин каржы булагы чечилди деп айтсак болот. Март айында Стамбулда дагы бир жолугушуу болот. Биз долбоор 3,5-4 млрд долларга чыгат деп атабыз. Инфляцияны эске алып сумманы ошого жараша кылдык”, - деди ал.
Таалайбек Ибраев Дүйнөлүк банк “Камбар-Ата-1” ГЭСи долбооруна 18 млн 600 миң доллар бөлгөнүн, бул акча техникалык экономикалык негиздемеге кошумча-алымча киргизүүгө жана юридикалык компанияга сарпталып жатканын кошумчалады.
“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.
ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат. (BTo)
Шерине