Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен сүйлөшүүлөр болуп калса, Курск облусунун украин армиясы көзөмөлдөгөн жерлерин орус күчтөрү басып алган аймактарга айырбаштоону сунуш кылышы мүмкүн. Бул тууралуу ал британиялык The Guardian гезитине берген маегинде айтты.
"Биз бир аймакты башкасына алмаштырабыз. Кайсынысына экенин азырынча билбейм, аны көрөбүз, бизге бардык жерлерибиз маанилүү, артыкчылыктуу деп айырмаланганы жок", - деп белгиледи Зеленский.
Президент Орусия менен сүйлөшүүгө даярдыгын айтып, ал үчүн Украинанын күчтүү позицияда болушун кааларын айтты.
Зеленскийдин айтымында, согушту токтотуу үчун Киев Европадан гана эмес, АКШдан да коопсуздук кепилдиктерин алууга тийиш.
Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц Вашингтон урушту токтотууга кызыкдар экенин, бирок коопсуздукту кепилдөө маселеси Европага жүктөлөрүн билдирген.
Трамп Ак үй Украинага аскердик жардам берүүгө даяр деп, бирок ал үчүн өлкөдөн сейрек металлдарды сураган.
Bloomberg агенттиги АКШнын финансы министри Скотт Бессент ушул аптада Киевге барып, бул маселени талкуулай турганын жазды.
Зеленский айдын башында Украина металлдарды казуу тармагында кызматташууга даяр деп айткан.
Былтыр 6-августта украин армиясы Орусиянын Курск аймагына кирип барып, аймактын жарымын өз карамагына алган. Орус күчтөрү айрым райондорду кайтарууга жетишкен, бирок бир нече айыл-кыштак, анын ичинен Суджа районунун борбору украин аскерлеринин көзөмөлүндө калууда.
Зеленский бул операцияны Харьковдон орус ракеталарын оолактатуу үчүн буфердик зона түзүү аракети катары түшүндүргөн.
Ал эми Орусия аннексияланган Крымдан тышкары Донбасстын ири бөлүгүн, Херсон жана Запорожьенин кээ бир райондорун басып алган.
Кремль Киев менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн учурдагы реалдуулукту эске алыш керек деп буга чейин билдирген.
Шерине