13-февралда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.
Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 0…5;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 1…6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;
Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градус суук болот.
Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 2…4° жылуу болот.
Шерине