Фейсбукта "Берик Держинский" деген ат менен жазып жүргөн 50 жаштагы адам Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалды. Бул тууралуу 12-февралда Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжасында "Берик Держинский" аттуу аккаунттагы адам өлкө жетекчилигинин дарегине жагымсыз постторду жазып жүргөнү аныкталган. Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык башаламандыктар") менен кылмыш иши козголуп, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Экспертиза посттор бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөөгө, бийликти алмаштырууга жана массалык башаламандыкка чакырган мазмунда деген жыйынтык чыгарган.
Иликтөө иштеринин алкагында аккаунттун ээси - 50 жаштагы О.Б. аттуу жаран экени аныкталып, кармалып, тергөө абагына киргизилген.
Милиция шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда анын "Элдик кеңеш кыймылы" деп аталган коомдук уюмдун мүчөсү деген күбөлүгү жана далил буюмдар табылганын кабарлап, бирок эмне буюмдар экенин ачыктаган жок.
Кыргызстанда Фейсбук колдонуучуларга же блогерлерге атайын мыйзам жок. Бирок социалдык түйүндөрдөгү пикири үчүн коомчулуктагы ар кандай темаларды чагылдырган жарандар, блогерлер камалган учурлар көп. Айрымдары бир нече жылга эркинен ажыратылган же пробация менен чыккан. Медиа серепчилер социалдык түйүндөр өнүккөн доордо катаал чаралар эмес, коомчулукту медиа сабаттуулукка, маалыматты ылгап алууга үйрөтүү керек экенин айтып келишет.
Январдын аягында президент Садыр Жапаров интернетте жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жалаа жабууга жана мазактоого айып пул салган мыйзамга кол койду. Эми "жалаа жапты" же "мазактады" деп табылган адам 20 миң сом, ал эми медиа 65 миң сом айыпка жыгылат.
Жарандык коом өкүлдөрү, журналисттер бул мыйзамга башынан эле каршы болуп, сөз эркиндигин чектей турганын билдирип келишет. Бийлик ал жоопкерчиликти күчөтө турган документ экенин жүйө келтирүүдө. (ZKo)
Шерине