Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:48

ӨКМ Кардиохирургияга өрт коопсуздугу боюнча эскертме берилгенин билдирди


Өрт чыккан имарат. 11-февраль, 2025-жыл.
Өрт чыккан имарат. 11-февраль, 2025-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Өрттү көзөмөлдөө кызматы Бишкек шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтуна буга чейин өрт коопсуздук эрежелери бузулганы, аларды четтетүү тууралуу эскертме бергенин билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 12-февралда кабарлагандай, бейтапкана жетекчилиги эскертүүдө коюлган талаптарды аткарбаганы үчүн айып пул да салынган.

"Өрт коопсуздугун сактоо, материалдык чыгымга жол бербөө максатында 2024-жылдын 26-мартында №00-03 текшерүү актысынын негизинде пландуу текшерүү жүргүзүлүп, 18 пункттан турган бузууларды четтетүү тууралуу эскертме берилген. Жыйынтыгында эскертмедеги талаптар толук аткарылбагандыктан “Укук бузуулар” кодексинин 143-беренесинин негизинде 23 000 сом айып салынган. Мындан тышкары текшерүүнүн негизинде эки суу алуучу гидрант оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, ишке киргизилген" деп жазылган маалыматта.

Өрттү көзөмөлдөө кызматы социалдык мекемелерде, эл көп каттаган соода борборлорунда тынымсыз көзөмөл жүргүзүп турары кошумчаланды.

11-февралдын кечинде Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу илим изилдөө институтунда өрт чыккан. Кырсыктан 1 жаш 7 айлык наристе жана 16 жаштагы өспүрүм Улуттук кардиология жана терапия борборунда каза болду. Андан тышкары 9 адам иске ууланды.

Бейтаптар Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна, Улуттук госпиталга, Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулду.

Саламаттык сактоо министинин орун басары Каарманбек Байдавлетов 12-февралда басма сөз жыйынында алдын ала маалымат боюнча өрт оорукананын жер төлөсүнөн чыкканын айтты.

Өрт боюнча Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 275-“Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кырсыктын себептерин аныктоо үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүү тапшырмасын берген. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG