Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:17

АКШ жараны Марк Фогел Орусиянын абагынан бошотулду


Дональд Трам жана Марк Фогел. Вашингтон, 11-февраль 2025-жыл
Дональд Трам жана Марк Фогел. Вашингтон, 11-февраль 2025-жыл

Америкалык жаран Марк Фогел Орусияда абактан бошотулуп, мекенине кайтып барды. АКШнын президенти Дональд Трамп аны Ак үйдө тосуп алып, орус тарап менен макулдашуу адилеттүү болгонун билдирди.

Мурдагы дипломат жана мугалим Фогел Орусиянын президенти Владимир Путин айыбын кечкенин айтты.

Ага чейин Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Уолтц америкалык жаран айырбашталганын билдирген. Бирок аны кимге алмаштырышканы белгисиз. АКШнын бийлиги Фогелди эркин кылууну Орусия тараптын жакшы ниети жана украин согушун токтотуу багытындагы «оң ишарат» деп баалап жатат.

АКШнын мамлекетик катчысы Марко Рубио Орусиянын абактарында башка америкалык жарандар да бар экенин унутпоо керектигин белгилеп, Трамптын администрациясы алардын бардыгын үйлөрүнө кайтарууга аракеттенет деп айтты.

The New York Times гезити Фогел Кремль менен сүйлөшүүнүн негизинде кое берилгенин жазды. Басылма аны Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын чабарманы Стив Уиткоффтун учагы менен алып кетишкенин маалымдаган.

Кийинчерээк Ак үй чабарман АКШнын жаранын ала келгенин билдирген.

Москва болсо Уиткоффтун сапары тууралуу маалыматы жоктугун айткан.

Фогел Мюнхен конференциясы астында бошотулду. 14-16-февралда өтүүчү жыйын Украинадагы согушту токтотуу маселесине арналмакчы.

АКШнын Орусиядагы элчилигинин мурдагы кызматкери Фогел 2022-жылдын жайында маңзаттарынын аткезчилиги деген жүйө менен 14 жылга кесилген.

Ал 2021-жылы Шереметьево аэропортунда кармалганда жанында маңзаттар табылган. Фогел ал кезде Москвадагы англис-америкалык мектептин окутуучусу болчу.

Соттун басма сөз кызматы АКШ жараны күнөөсүн моюнуна алганын маалымдаган. Фогел омурткасына операция жасалгандан кийин ден соолугуна байланыштуу кара куурай (марихуана) колдонгонун айткан. Бул анын медициналык картасында да жазылган. Фогел Орусияда медициналык кара куурайга тыюу салынганын билбегенин билдирген.

Шерине

XS
SM
MD
LG