Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) аймактык бөлүмдөрүндө ротация болуп, жаңы жетекчилер дайындалды. Ички иштер министри Уланбек Ниязбековдун буйругу менен Тилек Түкебаев Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) башчысы болуп дайындалды. Биринчи май РИИБ башчылыгына Эрназар Дүйшекеев дайындалды.
Бир нече кызматкер түрдүү кылмыштарга шектелип кармалгандан кийин жетекчиси бошотулган Октябрь РИИБ жетекчиси болуп Талантбек Аттокуров дайындалды.
ИИМ башчысынын буйругу менен Чүй облусундагы Сокулук жана Москва районунда, Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунда милиция жетекчилери да алмашты. Сокулук РИИБ башчысы болуп
Уланбек Аалиев, Москва районунун ИИБ башчысы болуп Жумгалбек Абиев дайындалды.
Ысык-Көл районунун ИИБ башчылыгына Акылбек Бекишов бекитилди.
ИИМдин басма сөз кызматы 12-февралда кабарлагандай, жетекчилердин алмашуусу РИИБ ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, жетекчилер арасында тартипти жана жоопкерчиликти күчөтүү максатында жүргүзүлгөн ротациянын алкагында ишке ашырылды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 12-февралда Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын тергөөчүсү 10 миң доллар пара алууга шек саналып кармалганын билдирди. Маалыматка ылайык, ротациялоо иштери уланат.
Бишкектин Октябрь РИИБдеги мыйзам бузуулар боюнча ИИМ кызматтык териштирүү жүргүзүп, жыйынтыгында бир катар жетекчилер кызматтан алынганы, айрымдарына тартип чаралары көрүлгөнү кабарланган.(ZKo)
Шерине