Италиянын полициясы шейшембиде Сицилиядагы мафияга каршы ири операция жүргүзүп, дээрлик 150 кишини кармады.
AFP агенттиги маалымдагандай, бардыгы болуп кармоо ордери 183 кишиге чыккан, алардын 36сы жабык жайларда отурат. Алар уюшкан кылмыштуу топко мүчө болуу, адам өлтүрүү аракети, опузалап акча өндүрүү, маңзаттарынын аткезчилиги, мыйзамсыз кумар оюн ойноо үчүн айыпталууда.
Полиция таңкы рейдге 1200 тартип коргоочу тартылганын билдирди. Жергиликтүү медиа аны 1984-жылдан бери Коза Нострага (сицилиялык мафия) каршы жүргүзүлгөн эң ири операция деп сыпаттап жатат.
Сицилиялык мафия мурдагыдай күчтүү болбой калган. Бирок Палермонун полициясы алар дагы деле өз бийлигин сактап калганын иликтөө көргөзгөнүн билдирди.
Ушу тапта Италиянын эң кубаттуу мафиясы болуп Европадагы кокаиндин агымын көзөмөлдөгөн 'Ndrangheta (Калабрияда жайгашкан уюшкан кылмыштуу топ) эсептелет.
Италиянын өкмөт башчысы Жоржия Мелони операцияны кубаттап, мамлекет уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзүүгө дилгир деп белгиледи.
Шерине