Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Милиция кызматкерлеринин кармалышы: Октябрь райондук бөлүмдүн жетекчилери кызматтан алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында (РИИБ) болгон мыйзам бузуулар боюнча Ички иштер министрлигинде (ИИМ) кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында бир катар жетекчилер кызматтан алынды, айрымдарына тартип чаралары көрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Октябрь РИИБдин башчысы Эмирлан Зарылбек уулу, аталган РИИБдин коомдук коопсуздук кызматы боюнча орун басары Турат Жакшылыков, кадрлар боюнча орун басары Эрнист Арымбаев ээлеген кызматтарынан бошотулду. Ошондой "кызматтык ишмердүүлүктү уюштуруудагы кемчиликтери жана кол алдындагыларга көзөмөлдүн жетишсиздиги үчүн" кызматынан алынгандардын ичинде Октябрь РИИБдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Кубат Шабданбек уулу жана орун басары Айбек Темирбаев, жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын башчысы Токтобек Чыбылдиев, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Нурлан Султангазиев, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Алманбет Алибеков, Октябрь РИИБдин №3 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Урмат Ибрасулов, №4 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Санжар Молдобаев, №3 шаардык милиция бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Марат Раззаков жана №4 шаардык милиция бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Нурлан Жамгырчиев да бар.

Ошондой эл Октябрь РИИБдин №3 жана №4 шаардык милиция бөлүмдөрүнүн башчылары Чыңгыз Намазалиев жана Сталбек Токтогазиевге кызматына толук ылайык эместиги жөнүндө тартиптик жазасы берилди.

Ошондой эле кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Канат Айдакеев ээлеген кызматынан бошотулду.

"Ал эми Бишкек ШИИББдин башчысына жана орун басарларына катуу сөгүш берилди. Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы Улан Бердибаевге жана коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Гайрат Рахмановго эскертүү берилди. Жалпы Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын 8 жетекчисинин жоопкерчилиги каралды", - деп билдирди ИИМ.

Мындан тышкары Бишкек шаарындагы төрт РИИБде мыйзам бузуунун жана кызматтык тартиптүүлүктү алдын алуу максатында ички иликтөө кызматына бирден кошумча кызмат орду киргизилгени маалымдалды.

6-февраль күнү Октябрь милициясынын кызматкери зордуктоого шектелип кармалганы кабарланган.

Февраль айынын башында Аскер прокуратурасы кылмышка шектүүнү кыйноого шек санап, аталган РИИБдин эки ыкчам кызматкерин кармаган. Январдын аягында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Октябрь райондук милициясынын эки кызматкерин пара алууга айыптап кармап, камакка алган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG