Бул партияны убагында экс-президент Курманбек Бакиевдин администрациясынын жетекчиси, мурдагы депутат Үсөн Сыдыков түптөгөн жана соңку жылдардагы шайлоолорго такыр катышкан эмес. Мындан улам партия жана анын ийгилиги тууралуу ар кандай божомол-жоромолдор айтыла баштады.
Партиянын өкүлдөрү "бийликчил партия, атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевге тиешеси бар" дегендей мазмундагы сөздөрдү четке кагып келет. "Жаңы Кыргызстандын" азыркы лидери деп көрсөтүлгөн Анарбек Камбаров тууралуу дээрлик маалымат жокко эсе. Азыноолак маалыматтарга караганда, ал буга чейин "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын Ноокен райондук бөлүмүнүн жетекчиси катары Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн.
"Каралагысы келгендер бар"
"Жаңы Кыргызстан" партиясы Бишкек, Кемин жана Орловкадан башка 30 шаардын баарында ат салышты. Добуш берүүгө аз калганда социалдык тармактарда Кочкор-Ата шаардык кеңешине бул партиядан талапкер Ханыкей Мадыловага таандык делген аудио жарыяланган. Андан белгисиз айым бул партия Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдики экенин айтып, добуш берүүгө үндөп жатканын угууга болот. Партиянын бул шаардагы лидери Нургазы Абдуразаков аудиону жалганга чыгарып, окуяны "каралоо" деп сыпаттады:
"Ханике Мадылова Ташиевдин партиясы деп айткан эмес. Башка эле, бизге тиешеси жок бир эже айтыптыр. Ал "Жаңы Кыргызстанга" такыр эле тиешеси жок адам. Ал биздин үгүтчүбүз же талапкерибиз эмес. Башка эле бирөө айтып, ошентип айтты деп эле монтаждап коюшкан. Биздин партиянын лидери - Анарбек Камбаров деген киши. Ал мурда Кочкор-Ата шаарында жашап, жетекчи болуп кеткен. Партияга кошулгула деп ошол аксакал киши сунуштаган. Биз ушул жердеги жаштарды, жеке ишкерлерди уюштуруп, бизге сөз тийип калбасын деп административдик ресурстан болушунча качканбыз. Биз болушунча жеке ишкерлер менен иштегенге аракет кылдык, бирок бизди болбой эле каралаганга аракет кылып жатышат. Резонанстуу, тастыкталбаган видеолорду чыгарып жатышат".
"Жаңы Кыргызстан" Кочкор-Атада эң көп добуш алган, эми бул партияга шаардык кеңештен кеминде 11 мандат тийиши мүмкүн.
Партиянын шайлоого жетектеп барган Нургазы Абдуразаков ушуну менен үчүнчү жолу шайлоого катышып, мандат алганы жатканын айтып берди. Ал алгач Социал-демократтар партиясынын тизмеси менен шайланганын, андан кийин ""Ата-Журт Кыргызстан" партиясынан шаардык кеңешке депутат болгонун билдирди. Партиядан партия алмаштырган, азыр болсо "Жаңы Кыргызстанды" шайлоого жетектеп барган себебин төмөнкүчө түшүндүрдү:
"Мени Кочкор-Атадагы жаштардын лидери катары такай командага кошуп келишет. Ошондо дагы программасын карап, шаарга өзгөртүү алып келе алабы деп кошулабыз. Мен шайлоого 21 жашымдан бери эле катышып келе жатам, чоң саясатка негизи аралашкым келбейт. Шаарга жардам берели деп эле жүрөбүз. Бул жолкусунда "Жаңы Кыргызстанды" өзүм жетектеп кетип жатам. Мага шаардагы лидерлер "сен деле бышып-жетилип калдың, эки чакырылышта депутат болдуң" дешти. Өзүм дагы жаштарды жетектейин деп ушундай чечимге келдим".
- "Жаңы Кыргызстанды" мурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрациясынын жетекчиси, мурдагы депутат, раматылык Үсөн Сыдыков түптөгөн. Ал партиянын лидерлигинен 2010-жылы бийлик күч менен алмашып, абакка аз убакытка отуруп чыккандан кеткен. Учурда анын уулу Бакыт Сыдыков - Жогорку Кеңеште депутат жана бийликчил "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери.
Анарбек Камбаров деген ким?
Учурда бул партиянын төрагасы Анарбек Камбаров экени жазылган, ачык булактарда бул адам тууралуу дээрлик маалымат жок. Юстиция министрлигинин сайтында 2016-2020-жылдары Президенттин иш башкармалыгына караштуу "Гараж" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле бул сайтта "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын Ноокен райондук бөлүмүнүн башчысы катары катталган.
"Азаттык" бул макала жазылып жаткан чакта Камбаров жана "Жаңы Кыргызстандын" борбордун штабынын өкүлдөрү менен байланышканга аракет кылды, бирок андан майнап чыккан жок.
Шайлоо маалында аймактарды көзөмөлдөгөн деген куратор, координаторлордун айрымдары менен байланышканда, "Жаңы Кыргызстанга" эч кандай тиешеси жоктугун айтышты.
"Жаңы Кыргызстан" Ош шаарында эң көп добуш алып, марага биринчи болуп келди. Бул партиянын тизмесинен буга чейин "Ата-Журт Кыргызстан" партиясынын депутат болгондорду дагы көрүүгө болот. Алардын бири Замирбек Толубаев кантип "Жаңы Кыргызстанга" кошулганын учкай гана айтып, комментарий берүүдөн баш тартты:
"Мага бул партияны тааныштарым сунуштады. Мен буга чейин шайлоого "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы менен баргам. Азыркы шайлоого эми "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы барбайт дешти, ошондуктан буга чейинки шаардагы депутаттар менен "ким менен барабыз" деп сүйлөшүп, ушундай чечим кабыл алдык".
Буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өзү бийликте турганда анын “Ата-Журт - Кыргызстан” партиясы шайлоого катышпасын билдирген. Ал "Жаңы Кыргызстанга" байланыштуу аты аталып жаткан жагдай, сөздөр тууралуу комментарий бере элек.
Расулбек Кадыров - "Жаңы Кыргызстандын" Ош шаарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү. Ал партиянын тизмесинде жаңы адамдар көп экенин, талапкерлер үгүт маалында жакшы иштегенин айтып жатат:
"Бул партия 1994-жылы түзүлгөн, андан кийин 2007-жылы кайра катталган. Камчыбек Кыдыршаевич менин партиям шайлоого катышпайт деп бир канча жолу жарыялады го. Биздин партияда "Ата-Журттан" буга чейин депутат болгондор дээрлик жок. Бардыгы эле илим-билим тармагында иштегендер, жеке ишкерлер жана куруучулар. Мурдатан саясатка аралашып жүргөндөрдөн бир-экөө эле бар. Биздин тизменин башында Болот Баетов болду. Ал өзү юрист. Адвокат болгон тажрыйбасы бар. Ош шаардык кеңештин буга чейинки чакырылышында да депутат болгон. Көз карашы бардык жактан калыптанганы, лидерлик сапаты бар үчүн талапкерлер өздөрү ушул жигитти тандап алышыптыр. Ал лидерлик сапатын үгүт иштерин жүргүзүүдө толук көрсөттү деп эсептейм. Ал жолугушуулардын баарына катышканга аракет кылды. Ошондуктан лидер катары ага дагы добуштарын жакшы берди. Алдын ала жыйынтыкка караганда, биз азыр 51 мандаттын 22ине ээ болдук".
Баткен шаардык кеңештеги шайлоодо "Жаңы Кыргызстан" салыштырмалуу азыраак добуш алып, эң арткы орундарга жайгашты. Партиянын шаардагы координатору Равшанбек Бадалов шайлоого негизинен тажрыйбасы жок жаштар катышканын айтты:
"Биз шайлоодо 6 миң добуштун 750сүн алдык, төрт депутаттык мандатка ээ болдук. Демилгелүү жаштарды ушул партия менен алып барууну чечтик. Биз тизмеге жалаң мурда партияда болбогон, шаардык кеңешке шайланбаган жаштарды кошконбуз. Тажрыйбабыз аз болгондуктан мандатты аз алып калдык. Ошондо биз беш партиянын ичинен төртүнчү болдук. Эмне себептен аз алып калганыбызды дагы билебиз, ушул кемчиликтердин баарын эске алып, кийинкисине катышабыз деген ойдобуз. Ташиевге такыр тиешебиз жок. Үгүт маалында эч кандай жергиликтүү бийлик, айрым саясатчылар аралашкан жок. Партиялаштар өзүбүз топтогон каражаттан үгүт иштерин каржыладык. Ташиевдин же дагы башка саясатчынын атын пайдаланган жокпуз. Болгону Жогорку Кеңештин депутаты Бактияр Калпаев бизге көмөк көрсөтүп, программабызга жардам берип, анын жардамчысы мени менен такай байланышта болду. Ал өзү негизи ушул партиядан. Ташиевдин атып сатпадык, аны менен мамилебиз деле жок".
Шайлоонун так алдында түзүлө калган же ишин жанданткан партиялар таң каларлык ийгиликке жетишкен учурлар буга чейин дагы болгон. Адатта алардын аты бийлик өкүлдөрү, акчалуу адамдар менен байланыштырылып келген. Талдоочу Бакыт Жумагуловдун баамында, бул көрүнүш азыркыга чейин эле кайталанып жатат:
"Азыр бул партиянын Үсөн Сыдыковдун баласы Бакыт Сыдыков иштетип жатат деген дагы сөздөр болуп жатат. Бул сөздөр канчалык анык, юридикалык жактан анын канчалык тиешеси бар, анысы так белгисиз. Бул партияга парламентте отурган адамдардын дагы таасири болуп жатат дегендей сөздөр да чыгып жатат. Мен ушул саясий партияларды изилдеп келем, докторлук диссертациям дагы ушул темада. Биз азыркы кезге чейин деле саясий партиялардын кризисин көрүп жатабыз. Партиялар түзүлүп, иштей баштагандан бери эле бийлик өкүлдөрү аралашып, оппозициялык партияларга тоскоолдук кылып, кандайдыр бир партияларды түзө коюп жүргөн. Мисалы, бул "Алга Кыргызстандан" башталган, андан кийин "Ак жол" түзүлгөн. СДПКнын тушунда деле административдик ресурс колдонулду. Өлкөнүн эгемен тарыхында саясий партия акчалуулардын, колунда барлардын, бийликтин тегерегиндеги адамдардын таянычы болуп калды. Саясий партия - бул теориясында кайсы бир идеяларды, же көпчүлүктүн, топтун мүдөөсүн, кызыкчылыгын көздөгөн күчтөр. Бизде болсо эгемендикке жеткенден бери бийлик же анын айланасындагы адамдардын, акчалуулардын куралы эле болуп калып жатат. Ошондуктан кечээ эле жок болгон партиялар бүгүн ийгиликке жеткен көрүнүштөр кайталанууда. Колдогон адамы бийликтен кеткенден кийин ал партиялардын аты-жыты да билинбей калат. Азыр партиянын айланасында бир күч болуп түзүлүүгө шарт дагы жокт, эгемен тарыхта чынында ошондой шарт, мүмкүнчүлүк боло элек. Азыр, мисалы, "Ак жол" каякта, "Ата Мекен" каякта, Социал-демократтар каякта?"
Бир канча жолу шайлоого катышкан жарандык активист Эртай Искаков бул шайлоодо мурдагыдай административдик ресурс колдонулган жок деген оюн айтты. Ошол эле маалда добуш сатуу өңдүү көрүнүштөр тыйылбай жатканын белгиледи:
"Шайлоонун алдында жанданып, утуп алган партиялардын феномени бизде боло берет. Акыркы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо бир канча жаңы партиялар чыкты. Алардын бири ошол "Жаңы Кыргызстан" болду. Бул жерде "Ынтымак" партиясы да бар. Мен ушул жайында бир мандаттуу шайлоо округунан ат салыштым. Ошол жерде деле, башка округдарда деле буга чейин аты угулбаган талапкерлер чыгып экинчи, үчүнчү орунду алып кеткендер болду. Бизде Кыргызстанда бардык жагынан мүмкүнчүлүк бар экен. Бирок шайлоонун баары эле таза өтүп кетти деп айтуудан карманам. Тилекке каршы, бизде жарандар, шайлоочулар акчага сатылган учурлар болуп жатат. Буга эми мамлекет, БШК эмес, жарандар өзүбүз күнөөлүү болуп жатабыз. Ошондуктан буга чейин аты-жыты билинбеген, көрүнбөгөн, эч кандай иш кылбаган деле партиялар өтүп кетүүдө".
Жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоо 17-ноябрда өттү. Ага 33 шаардык кеңешке 45 партиядан беш миңдей талапкер катышты.
Ал эми 231 айылдык кеңешке шайлоого 10 миңдей талапкер ат салышты.
Добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы азырынча жарыялана элек.
Шерине