АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган ХАМАС радикал уюму барымтага алган бардык кишилер ишембиде кайтарылбаса, ок атууну токтотуу режими жокко чыгарылышы керек деп билдирди. Ал өз атынан сүйлөп жатканын, Израилдин бийлиги ага макул болбошу мүмкүн экенин кошумчалады.
Трамп Газада барымтада кала бергендер бошотулбаса, “чыныгы тозок башталарын” эскертти.
ХАМАС опузалоодон майнап чыкпасын, кырдаалды татаалдаштырарын айтып жооп кайтарды.
Анын алдында радикал уюм 15-февралга белгиленген барымтадагы израилдик туткундарды бошотууну белгисиз мөөнөткө жылдырарын билдирген. Радикал уюмдун жогорку жетекчилигинин өкүлү Абу Убейда буга Израил январдын ортосунда түзүлгөн убактылуу ок атышпоо келишимин "бузганы себеп болгонун" айткан.
Кийинчерээк ХАМАС туткундарды айырбаштоону пландалгандай улантуу үчүн “эшик ачык экенин” билдирген жана арачыларды аракеттерин улантууга чакырды.
Израилдин коргоо министри Исраэл Кац хамасчылардын жарыясы ок атууну токтотуу келишиминин шарттарын бузганын айтты.
Келишим күчүнө кирген 19-январдан бери ХАМАСтын барымтасынан 21 киши чыгарылды жана Израилдин түрмөлөрүнөн жүздөгөн палестин туткундары бошотулду. Макулдашууда алты аптага созулган биринчи баскычта барымтадан 33 киши азат кылынары, 2 миңдей палестин коё берилери каралган.
АКШ, Катардын жана Египеттин арачылыгы менен түзүлгөн документке ылайык ок атышуу токтоп, Израил күчтөрү Газанын калктуу конуштарынан чыгып кетиши керек эле.
Ошондой эле февралдын башында мындан аркы эки баскыч боюнча сүйлөшүүлөр башталууга тийиш болчу.
ХАМАСтын согушкерлери 2023-жылы 7-октябрда Израилге кол салганда 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кетишкен. Туткундардын көбү 15 ай ичинде ар кандай шартта бошотулуп, айрымдарынын сөөгү табылган.
Ошол эле күнү Израил анклавда аскердик операция баштаган.
ХАМАС башкарып келген аймактын Саламаттык сактоо мекемесинин жекшемби күнкү маалыматына караганда, андан бери тилкеде 48 миңден көп кишинин өмүрү кыйылды.
Трамп АКШ Газаны өз карамагына алып, аны калыбына келтирерин, бул үчүн жергиликтүү палестиндерди көчүрүү зарылдыгын айтып, араб өлкөлөрүнүн сынына кабылган.
Шерине