ЖМК боюнча мыйзам долбоору ЖК комитетинен 1-окууда өттү
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 11-февралда “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Документте интернет сайттар маалымат каражаты катары милдеттүү түрдө каттоодон өтүш керек деген талап алып салынып, редакция ыктыярдуу түрдө каттоодон өтсө болору, маалымат каражатынын булагын сыр катары сактоо укугу каралган. Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууга чакырык камтылган материалдарды, дискриминацияга, кастыкка же зордук-зомбулукка үндөгөн, расалык жана диний касташууну күчөткөн маалыматтарды, террористик ишти жүзөгө ашырууга чакырыктарды камтыган же терроризмди ачык актаган материалдарды бир жылда бир нече жолу (эки жолудан ашык) жарыялаган ЖМКга жазуу жүзүндө эскертүү берилип, ал аткарылбаса, медиа соттун чечими менен жабылат.
Тажикстан: Кыргызстан менен Ворух жолу, суу маселеси боюнча талкуу уланууда
Тажикстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы такталганы менен, жол жана суу объектилеринин маселеси талкууланып жатат. Бул тууралуу шейшембиде маалымат жыйынында кошуна республиканын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин билдирди.
“Чек ара маселеси чечилди, документти түзүү гана калды. Жумушчу топтор дээрлик жума сайын же бул жерде, же Кыргызстан тарапта жолугуп келатат. Билгенибизге караганда, 2-3 маанилүү маселе кала берүүдө, аларды да жөнгө салуу зарыл”, - деп айтты министр "Азия-Плюс" агенттигинин суроосуна жооп берип жатып.
Башкы дипломаттын айтымында, ошол маанилүү маселелерге Ворух жана Исфара ортосунда жол салуу, “суу объектилерин пайдалануу” кирет. Ал “суу объектилерин” колдонуу кандай уюштурулары чечилүүгө тийиш деп кошумчалады.
Мухриддин чек ара боюнча макулдашуудан тышкары ушул маселелер боюнча эки өкмөт аралык келишимдерге кол коюу каралып жатканын айтты. Бирок качан кол коюларын тактаган жок. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо соңку жылдары өтө татаалдашып, 2021-жылы жана 2022-жылы кандуу куралдуу кагылышка да алып келди. Бул окуялардан соң Бишкек чек арасын бир тараптуу жаап, ошондон кийин гана тактоо иштери алдыга жылды. 28-январда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара кандай шартта чечилгенин жана качан толук бүтөрүн айткан. Кабарчы Баткендин тургундары чек ара такталганын угуп, үйүнө кайтып жатканы тууралуу “Азаттык” радиосунда чыккан баянды мисал келтирип, президентке суроо узаткан. Ага жооп берген мамлекет башчы чек араны тактоо иштери дээрлик бүткөнүн, азыр кагаз иштери жүрүп жатканын, ал даяр болсо өкмөттүк комиссиялар кол коюп, андан соң парламенттер ратификация кылып, президенттер жактырарын билдирген.
MCN coin'дин чет жакта эсеби бар-жогу иликтенип жатат
MCN coin криптоактивинин чет жакта эсептери бар-жогу текшерилип жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери Данияр Закиров айтты. Ал MCN coin криптоактивине акчасын алдатканын айтып арызданган 898 адамга 1 млн 700 миң доллардан ашык каражат кайтарып берилгенин кабарлаган. Маалымат боюнча, MCN coin'ге байланыштуу 2024-жылы 12-сентябрда Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Буга чейин MCN coin криптоактивин уюштургандардын бири Исрадин Субанбеков “бир топ пайда көрүшкөнүн, элден чогулган акчаны кайтарып бере алышпасын, жалган убадаларды беришкенин” айткан жана элден кечирим сураган. Анын сөзү боюнча, MCN сoin аркылуу алар 2,5 млн доллар пайда табышкан.
TI: Кыргызстан жемкорлук боюнча рейтингде беш баскыч артка кетти
Эл аралык Transparency International (TI) уюму 2024-жылдагы дүйнөдөгү жемкорлуктун индексин чыгарды. Кыргызстан бул рейтингде жалпы 100 баллдан 25 упай алып, дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 146-орунга жайгашты. Кыргызстан 2023-жылы 26 балл менен 141-орунга жазылган эле. Transparency International рейтингде кайсы бир өлкөнүн ээлеген орду маанилүү эмес экенин, көрсөткүч алган упай менен эсептелинерин эскертип келет. Жемкорлук индекси 0 упайдан 100 упайга чейин эсептелет. Дания, Финляндия жана Сингапур жемкорлук аз алдыңкы үч өлкөнүн катарына кирди. Transparency International 1995-жылдан бери жыл сайын дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жемкорлук индексин чыгарып келет. Бул изилдөө мамлекеттик сектордун кызмат көрсөтүүсүн сурамжылоо аркылуу жүргүзүлөт.
Эркин Мамбеталиевдин иши сотко өттү
Кримтөбөл делген Эркин Мамбеталиевдин иши тергелип бүтүп, 28-январда Ысык-Көл райондук сотуна өттү. Райондук соттун басма сөз кызматы баштапкы соттук угуу 21-февралга дайындалганын билдирди. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2024-жылы август айында кармаган. Атайын кызмат ал убагында кримтөбөл Рысбек Акматбаев, Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен байланышта болуп, алардын колдоосу менен коммерциялык жеке маселелерин чечкени аныкталганын билдирген. Буга байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топко катышуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Былтыр 25-сентябрда атайын кызмат Эркин Мамбеталиев баасы 5 миллион 716 миң 307 АКШ долларына (489 миллион 886 миң сомго) бааланган бир катар мүлктөрүн мамлекетке өткөрүп бергенин маалымдаган.
Италияда Сицилия мафиясына каршы операцияда 150 киши кармалды
Италиянын полициясы шейшембиде Сицилиядагы мафияга каршы ири операция жүргүзүп, дээрлик 150 кишини кармады. AFP агенттиги маалымдагандай, бардыгы болуп кармоо ордери 183 кишиге чыккан, алардын 36сы жабык жайларда отурат. Алар уюшкан кылмыштуу топко мүчө болуу, адам өлтүрүү аракети, опузалап акча өндүрүү, маңзаттарынын аткезчилиги, мыйзамсыз кумар оюн ойноо үчүн айыпталууда. Полиция таңкы рейдге 1200 тартип коргоочу тартылганын билдирди. Жергиликтүү медиа аны 1984-жылдан бери Коза Нострага (сицилиялык мафия) каршы жүргүзүлгөн эң ири операция деп сыпаттап жатат.
Сицилиялык мафия мурдагыдай күчтүү болбой калган. Бирок Палермонун полициясы алар дагы деле өз бийлигин сактап калганын иликтөө көргөзгөнүн билдирди. Ушу тапта Италиянын эң кубаттуу мафиясы болуп Европадагы кокаиндин агымын көзөмөлдөгөн 'Ndrangheta (Калабрияда жайгашкан уюшкан кылмыштуу топ) эсептелет. Италиянын өкмөт башчысы Жоржия Мелони операцияны кубаттап, мамлекет уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш жүргүзүүгө дилгир деп белгиледи.
Түркия Сирия менен чек арасында соода, транзит чектөөлөрүн алды
Түркия Сирия менен чек арасында соода жана транзит чектөөлөрүн алып салды. Түрк Соода министрлигинин шейшемби күнкү маалыматына караганда, эми эки өлкө ортосундагы товарлардын импорту менен экспорту жалпы шарттарга ылайык жүргүзүлмөкчү.
Анкара 2011-жылы Сирияда жарандык согуш башталганда Дамаск менен байланышын үзгөн. Былтыр жыл аягында Сириянын мурдагы президенти Башар Асаддын режими кулаганда Түркия кошуна өлкөсүнүн жаңы администрациясы менен алака-катышты өрчүтүп, уруштан кийинки реконструкция иштерине жардам берерине убада кылган.
Түркиялык фирмалар Сирияда ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөшөт жана курамына Анкара колдогон да күчтөр кирген козголоңчулар Асадды төңкөргөндөн кийин соода кескин көбөйөт деп күтүшөт.
Анкара жана Дамаскидеги жаңы бийлик айрым товарлардын бажы тарифтерин кайра карап чыгууну, 2011-жылы токтоп калган эркин соода режимин калыбына келтирүүнү макулдашты.
4-февралда Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шараа Анкарада түрк мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен жолуккан.
Жей Ди Вэнс Европаны жасалма интеллектти ашыкча тескебөөгө чакырды
АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Европадагы өнөктөштөрдү жасалма интеллект (AI) тармагын ашыкча тескебөөгө чакырды. Шейшембиде Париждеги саммитке чогулган 60 чакты мамлекет андай технологияны "ачык" жана "этикага төп келгендей" кылууга үндөгөн жыйынтыктоочу документке кол койгон. Бирок АКШ жана Британия коммюникеге кошулган жок.
Вэнс “ашыкча тескөө күч алып бараткан тармакты жок кылып салышы мүмкүн” деп эскертти.
Индиянын премьер-министри Нарендра Моди ага чейин “орток баалуулуктарды колдогон жана тобокелдиктерди жойгон стандарттарды орнотуу үчүн жалпылап аракет көрүү зарылдыгын” белгилеген.
Моди француз президенти Эммануэл Макрон менен бирге саммиттин уюштуруучуларынын бири болчу.
Вэнстен кийин сүйлөгөн Макрон глобалдык эрежелер “жасалма интеллекттин жашап кетишин камсыздаган принциптердин бири экенин” белгиледи.
АКШнын вице-президенти ошондой эле “авторитардык режимдер” жасалма интеллектти өлкө ичиндеги жана сыртындагы адамдардын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүү үчүн колдонушат деп билдирди. AFP муну Кытайдын дарегине айтылган туюк чабуул деп мүнөздөдү.
Өткөн айда кытайлык DeepSeek стартапы R1 деп аталган ChatGPTге окшош жасалма интеллект программасын ойлоп тапканын жарыялаган соң дүйнөлүк технологиялык гиганттардын акциялары кескин түшүп кеткен. Коопсуздук маселесинен улам ар кайсы өлкөлөр ал тиркемени өкмөттүк жабдыктардан алып салуу аракетин көрүүдө.
Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Брюссель жасалма интеллект чөйрөсүнө 200 млрд евро инвестиция саларын билдирди.
Шерине