Кыргызстанда Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги болуп түзүлдү. Нурдан Орунтаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Андан тышкары спорт чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн деген негиз менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги болуп өзгөртүлдү. Ал түз эле өкмөткө караштуу болот.
Тиешелүү жарлык жана тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
2021-жылы Кыргызстанда бюджеттик каражатты үнөмдөө жана артыкбаш мекемелерди азайтуу максатында өкмөттүн жаңы түзүмү бекитилип, мамлекеттик агенттик, комитеттер менен фонддор министрликтерге кошулган.
4-февралда эле Жаза аткаруу кызматы (ЖАК) Юстиция министрлигинен кайра ажыратылып, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) болуп түзүлдү. (BTo)
Шерине