Бишкек шаарындагы жылуулук түтүктөрү эскирип, мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу, сапаты начарлап, тешилген учурлар көбөйдү. Андыктан шаардыктарды кышында жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыздоо кыйын болууда. Бул тууралуу калаа башчысынын орун басары Таалайбек Байгазиев 11-февралда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында билдирди:
"200 чакырымдан ашуун жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу зарыл. Ар бир чакырымды алмаштырууга 4,5 млн доллар сарпталат. Бардыгын алмаштырып, оңдоп чыгууга жалпы 900 млн доллар зарыл".
Вице-мэр маалымдагандай, жылуулук түтүктөрү 1969-жылы, айрымдары андан да мурда ишке берилген. 2025-жылы жабдууларды оңдоо үчүн 200 млн сом, ал эми калыбына келтирүү иштерине 700 млн сом бөлүнгөн. Толук алмаштырууга каражат жок.
"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасы 2025-жылдын 1-январына карата элден 1 млрд 160 млн сом акчасын чогулта албай келүүдө.
"Бишкек жылуулук тармагы" ишканасынын карамагында 474 чакырым жылуулук түтүгү жана 19 насостук станция бар. Тармак 435,1 борбордук жылуулук берүү жана 38,9 чакырым буу түтүктөрүнөн турат. Ишкана Бишкектеги 5025 имаратты тейлейт. Анын ичинен 3500 көп кабаттуу, 1100 жеке имаратты, 82 турак-жай мекемесин жана 2318 коомдук имаратты жылуулук менен камсыздайт. Борбор калаадагы көп кабаттуу үйлөрдүн 85% борбордук жылуулук тармагынан ысыйт.
Былтыр жыл аягында Бишкек мэриясы Жылуулук электр борборуна (ЖЭБге) республикалык бюджеттен 1 миллиард сом насыя алуу демилгесин көтөргөн. Өкмөт 2024-жылы ЖЭБди жана "Бишкек жылуулук тармагы" ишканасын шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп берген.(ZKo)
Шерине