Бишкек жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) өндүрүлгөн жылуулукка болгон тарифти көтөрүү боюнча долбоор ушул жылдын жай айына чейин даярдалып бүтөт. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 11-февралдагы жыйынында айтты.
Анын сөзүнө караганда, 2028-жылга чейин жылуулукка болгон тариф өз наркына жетиши керек. Ал үчүн баа жыл сайын көтөрүлүп турат.
Бишкек ЖЭБи – Кыргызстандагы эң ири электр энергия жана жылуулук булактарынын бири. Ал 1961-жылы курулуп, 2017-жылы реконструкциядан өткөн. Бирок андан кийин да объектте бир нече ири авария катталган. 2024-жылы өкмөт стратегиялык мааниге ээ болгон ЖЭБди “Электр станцияларынын” карамагынан чыгарып, Бишкектин мэриясына өткөрүп берген.
Бишкек ЖЭБи 812 миң кВт электр энергиясын жана саатына 1294,2 гигакалорияга (Гкал) жылуулук берүүгө ыңгайлашкан. Шаардагы имараттардын 60% жакынын тейлейт. ЖЭБде жалпысынан 15 отказан бар.
Бишкек ЖЭБинен чыккан жылуулук калкка өз наркынан арзан берилип, айырмасы бюджеттин эсебинен жабылып келет. Энергетика министрлиги жыл сайын жылуулуктун өз наркын эсептеп турат. Быйыл 1 гигакалорияга (Гкал) 5998 сом деп бекитилди.
Аянты 80 кв/метрге чейинки батирлер дотация турат. Шаар тургундары 1 гигакалорияга 1 560 сом төлөшөт. Калган 4438 сомду мамлекет кошуп берет. Өкмөт муну “социалдык тариф” деп атайт. (BTo)
Шерине