АКШ жана Евробиримдик террордук деп тааныган ХАМАС радикал тобу 15-февралга белгиленген барымтадагы израилдик туткундарды бошотууну белгисиз мөөнөткө жылдырарын билдирди. Радикал уюмдун жогорку жетекчилигинин өкүлү Абу Убейда буга Израил январдын ортосунда түзүлгөн убактылуу ок атышпоо келишимин "бузганы себеп болгонун" билдирди.
ХАМАСтын өкүлү соңку үч жумада “душман тарабынан мыйзам бузуулар”, атышуулар, Газа тилкесинин түндүгүнө карапайым калкты өткөрүү жана анклавга гуманитардык жардам жеткирүү кечеңдетилгени катталганын билдирди.
Радикал топ ошондой эле келишимди бузгандыгы үчүн Израилден «кенемте» талап кылды.
Билдирүүдө Израил келишимдин шарттарын сактаган учурда гана ХАМАС дагы өз тарабынан аны аткарары айтылат. Израил азырынча комментарий бере элек.
Макулдашуу күчүнө киргенден тартып, өткөн айда Израил газалыктарга Нецарим коридору аркылуу анклавдын түндүгүнө кайтууга уруксат берген. Сөз болуп жаткан коридордон канча израилдик аскер чыгарылганы белгисиз.
19-январда күчүнө кирген макулдашуунун биринчи баскычы алты аптага созулмак. Анда ок атышуу токтоп, Израил күчтөрү Газанын калктуу конуштарынан чыгып кетиши керек эле. Ошондой эле ХАМАСтын барымтасындагы 33 туткун бошотулуп, Израил түрмөлөрүндөгү 2000дей палестин да эркиндикке чыгары каралган.
Учурда тараптар макулдашуунун экинчи баскычына жетишүү боюнча мунаса таба элек. Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Катардагы сүйлөшүүлөргө төмөнкү деңгээлдеги өкүлдөрүн жиберип койгон. Мындан улам байкоочулар жакын арада натыйжа чыкпай турганын айтышууда. Нетаньяху кийинки аптада бул маселе боюнча министрлер менен жыйын өткөрөрү күтүлүп жатат.
Экинчи баскычта согушту биротоло токтотуу боюнча Израил менен ХАМАСтын ортосунда сүйлөшүүлөр жүрмөк. Ошондой эле калган туткундар, анын ичинде аскердик кызматкерлер бошотулат. Мындан тышкары Израилдин Газадагы калган күчтөрү чыгып кетет жана ок атышууну токтотуу боюнча убактылуу мунаса туруктуу келишимге айланат.
Хамасчылар Израилге 2023-жылы 7-октябрда кол салганда 1200дөй адамды өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кетишкен. Туткундардын көбү 15 ай ичинде ар кандай шартта бошотулуп, айрымдарынын сөөгү табылган.
ХАМАСтан өч алуу максатында Израил анклавда аскердик операция баштаган. Аймактын Саламаттык сактоо мекемесинин маалыматына караганда, андан бери тилкеде 47 миңдей кишинин өмүрү кыйылды. (AiA)
Шерине