Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Казакстанда "улуттар аралык жана диний кастыкты козутуу" беренеси боюнча жазаны күчөтүү сунушталды


QazNews24 сатиралык баракчасынын автору Темирлан Енсебек Алматыда акцияда, 9-февраль, 2024-жыл
QazNews24 сатиралык баракчасынын автору Темирлан Енсебек Алматыда акцияда, 9-февраль, 2024-жыл

Казак бийлиги Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 174-беренеси “Улуттар аралык жана диний кастыкты козутуу” боюнча жазаны катаалдаштырууну сунуш кылды. Казакстандын жарандык коомчулугу бул берене "саясий куугунтук үчүн колдонуларын" айтып, кескин сындады.

Алматыда камакка алынган QazNews24 сатиралык коомдук баракчасынын автору Темирлан Енсебекке ушул берене менен айып тагылган.

2014-жылы казак бийлиги бул берене боюнча жазаны катаалдатып, эң жогорку чара катары 12 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратууну киргизген. Азыр эми сунушталып жаткан өзгөрүүлөрдө 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Казакстандын маалымат министри Аида Балаева мындай чаралар негиздүү жана "бул маселени укуктук жактан камсыздоо процессин тездетүү зарыл" деп эсептейт.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Казакстанда да кастыкты козутуу беренеси жарандык коомго басым жасоонун куралы катары колдонулуп келгенине көңүл бурушкан.

Human Rights Watch уюму казак бийлигине бул беренени кайра карап чыгууну сунуштап, укук коргоо органдары аны өз пайдасына чечмелей аларын белгилеген. Бул сөз эркиндигине түздөн-түз каршы келет.

18-январда Алматы соту Инстаграмдагы QazNews24 сатиралык баракчасынын автору Темирлан Енсебекти эки айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ага "социалдык тармактарда этнос аралык кастыкты козуткан" деген берене менен кылмыш иши козголгон. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар 2 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Темирлан Енсебек – Oyan, Qazaqstan жарандык кыймылынын активисти. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG