2022-жылы Орусия Украинага басып киргенден кийин Москва Федералдык жаза аткаруу кызматына украиналык туткундарга орой мамиле жасоого жана аларга зордук-зомбулук көрсөтүүгө тапшырма берилген. Бул тууралуу The Wall Street Journal жарыялаган иликтөөдө айтылат. Буга чейин туткунга түшкөн украин аскерлери кыйноого кабылганын БУУнун атайын миссиясы дагы жарыялаган.
WSJ жазгандай, Федералдык жаза аткаруу кызматынын Санкт-Петербург жана Ленинград облусу боюнча башчысы Игорь Потапенко мекеменин кызматкерлерине колго түшкөн туткундарга катаал мамиле жасоону буйруган. Иликтөөдө Потапенко украин аскерлерине зордук-зомбулукту чектебей колдонууну буйруп, абактардагы көзөмөл камералар алынып салынарын айтканы белгиленген.
Ушундай көрсөтмөлөрдү башка аймактардын, анын ичинде Псковдун, Москванын, Бурятиянын абак кызматкерлери да алышканы жазылган. Туткундарды кайтарган кызматкерлер ар ай сайын алмашып турушкан.
WSJ Федералдык Жазаларды аткаруу кызматынын мурдагы үч кызматкерине шилтеме берип жазган. Алардын экөө атайын маанидеги күчтөрдүн, дагы бири медициналык кызматкер болгон. Алар Эл аралык кылмыш сотунун тергөөчүлөрүнө көрсөтмө бергенден кийин коргоого алынган күбөлөрдүн тизмесине киргизилген. Күбөлөрдүн айткандары документтер, украиналык туткундар жана орус түрмө кызматкерлерине качууга жардам берген белгисиз адамдын сөзү менен тастыкталган.
Буга чейин БУУнун Украинадагы адам укуктарынын абалына көз салган миссиясы былтыр август айынан бери Орусиянын туткунуна түшкөн украиналык 79 аскер сотсуз эле өмүрүнөн ажыратылганын каттаганын жарыялаган.
Миссиянын маалыматына караганда, багынып берген же колго түшкөн жоокерлердин көбү ошол эле жерде атылган. Күбөлөр куралсыз жана жарадар болгон аскерлерди да атып салуу учурларын айтып беришкен.
БУУнун өкүлү орусиялык командирлер соттун өкүмүсүз туткундарды өмүрдөн ажыратуу учурларын иликтеп, согуш туткундарына гумандуу мамиле жасоого көңүл бурушу керектигин айтты.
БУУнун миссиясы ошондой эле туткунга түшкөн орусиялык аскердин украин жоокерлери тарабынан өлтүрүлүшүн каттаган.
Тараптар туткундарга "ырайымсыз мамиле жасоодо" деп бири-бирин айыпташат.
Согуш туткундарын өлтүрүү Женева конвенциясын бузуу, согуш кылмышы болуп эсептелет. (AiA)
Шерине